Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь Ноокен районунда жаны бакчанын ачылыш аземи болуп өттү

Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагында Республикалык бюджеттин эсебинен жалпы сметалык суммасы 27 740 000 сомдук балдар бакчасынын курулушу бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди.

Аземге Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министри Н. Мурашев, КР нын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары А. Камбаров, Ноокен райондук администрациясынын башчысы Э. Маматаев, орун басарлары К. Камбаралиев, Н. Бекжигитова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, айыл өкмөт башчылары, мекеме - иш каналардын жетекчилери, айылдык кенештин депутаттары жана айылдын аксакалдары катышышты.

Балдар бакчасына ата-энелер жана демөөрчүлөр тарабынан 575 000 сомдук акча каражатына килем, идиш- аяктар, оюнчуктар, матрас жана башка керектүү буюмдар алынып берилди.

115 балага ылайыкташтырылган 4 тайпа ачылып, 22 кызматкер иш менен камсыз болду.  

 

Материалды даярдаган

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров