Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү.

"Эл аралык балдарды коргоо күн" жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет эмеспи, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул күндү балдар чыдамсыздык менен күтөөрү белгилүү. Быйыл дагы балдардын күткөн кунү адаттагыдан салтанаттуу белгиленди. Кыргызстандын аймагындагы жайгашкан чакан шаарлардын катарын толуктаган Таш-Көмүр шаарыбызда балдар үчүн болгон камкордук көчөлөрдүн жасалгаларынан, балдарга болгон чоңдордун жылуу мамилелеринен, жадага калса жүргүнчү ташыган айдоочулардын жылмаюусунан ачык сезилип, балдарга келечекке карай ишеним тартуулагандай. Күн дагы адаттагысынан дагы башкача мээрим төгүп турду. Балдардын кубанычында чек жок. Алдыга чоң үмүт менен караган келечек ээлерине шаардын мэри Р.А. Асаналиев, ШБББнүн башчысы Т.К.Шабданов, "Таш-Көмүр жаштары" сасий партиясы тарабынан куттуктоолор айтылып, балдардын сүйүктүү тамагы болгон балмуздакты бекер тартуулашты.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мектеп, маданият, китепкана жана башка мекемелери тарабынан оюн-зоок программалары, сүрөт конкурстары, спорттук мелдештер уюштурулуп, таалим-тарбия берүүчү көрүнүштөр тартууланды. Биздин келечектин ээлери үчүн чакан концерттер тартууланды.

Ошондой эле багар-көрөрү жок жетим балдарга, тубаса майып балдарга, социалдык жетим балдарга материлдык жардамдар көрсөтүлдү.

Ал эми ата-энелер өз чүрпөлөрүн жетелеп балдары үчүн майрамдык маанай тартуулап, балдары менен кошо кубанып колдорунан келишинче көңүлдөрүн көтөрүп, белектерин тартуулап жүрүштү. Бул күнү балдарга жаркын маанай тартуулоо менен өсүп келе жаткан келечек ээлерине туура тарбиянын жолун көрсөтө алышты.