Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Бул күн балдар үчүн кубанычтуу майрамдардын бири гана болбостон, балдар дайыма камкордукта, коргоодо болуусу жана чоңдор алар үчүн жоопкерчиликте болору жөнүндө эскертүү да болот.

Майрамдык иш-чараларга Ноокен райБББнүн адистери, айыл өкмөттөрүнүн социалдык маселелер боюнча адистери, Ноокен РИИБнүн кызматкерлери, ата-энелер, демөөрчүлөр жана балдар катышышты.

Иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, концерттик программалар, балдар үчүн ар кандай көңүл ачуучу оюн-зооктор уюштурулду.Бакча администрациясы, айыл өкмөт жана демөөрчүлөр тарабынан балдар үчүн атайын белектер берилди.

 

Ноокен райБББнүн  мектепке чейинки

билим берүү мекемелери боюнча адиси

Ү. Шамаматова