Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь - бул балдардын жаркын келечегине камкордук

«Эл аралык балдарды коргоо күн»жыл сайын жай айынын эң биринчи күнү белгиленет.Бул майрам 1949-жылдын ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган. Эң биринчи жолу бул майрам 1950-жылы өткөрүлгөн.

Жай аынын алгачкы күнү балдар үчүн мээримин төгүп турду. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин башталгыч класстарынын окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары салтанаттуу марш менен шаардын башкы аянтында параддан өтүү менен башташты. Кызыл-тазыл кийинген мотурайган жеткинчектер майрамдын көрку болуп ууруттарынан кубанычтын жылмаюусу төгүлүп турду. Быйылкы майрамдын өзгөчөлүгү башка жылдагыдан айырмаланып башкача шаң менен өттү. Балдардын кубанычына чек жок. Ар кандай иш-чаранын түрлөрү уюшулуп, балдардын кубанычын тең бөлүшүп ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар, жетекчилер кошо жүрүштү. Шаардык бардык мекеме уюмдар өздөрүнүн таттууларын, белектерин балдарга таркатып кубантышты.

                  Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева