Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь- Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

             Жалал-Абад  облусунунда  255 балдар  бакчаларында  1-июнь-    Эл аралык балдарды коргоо   күнүнө  карата  иш-чаралар  өткөрүлдү.  Жер-жерлерде  өткөрүлгөн  майрамдык  аземдерде  районшаар  , билим  берүү  тармагынын  жетекчилери   катышып,  балдарга  майрамдык  маанай  тартуулашты.                      

              Билим  берүү  жана  илим   кызматкелеринин  профсоюздук уюмдарынын  лидерлери  да  балдарды   коргоо  багытындагы  иштерде  активдүү  катышып,  майрамдык  аземдерди  уюштурууда   демилгелерин  көрсөтүштү. Бул  майрам  облустун    борбору  Жалал-Абад  шаарындагы   жана  райондордун  шаарлардын  борборлорунда  эс  алуу  парктарында  уюшкандыкта  өткөрүлдү.  Жаш  жеткичектерибиздин    көңүлдүү  -маанайлары  үчүн  түрдүү  аттракциондор    иштеп  турду.  Майрамдык    шириндиктер,  бал муздактар    тартууланды.

 

Жалал-Абад   обкомунун  басма  сөз-катчысы- Абдыкадырова  Махабат