Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары 20-февральда Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрдү

Баткен  шаары  20-февральда  Бүткүл  дүйнөлүк   социалдык   адилеттүүлүк  күнүн   өткөрдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февраль “Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү” деп жарыялагандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүк дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” № 110 токтомуна ылайык Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жарыяланган. Профсоюз мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык кепилдиктер жөнүндө туура маалымат берүү, көйгөйлүү суроолорго жооп алуу жана ар бир билим берүү кызматкеринин маалыматтуулугун жогорулатуу, проф.активисттердин ишин жандандыруу максатында Баткен шаардык комитети В.И.Ленин орто мектебинде 67 профсоюз мүчөсүнүн катышуусу менен ачык эшик күнүн өткөрдү.

 21.02.2020      736       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында ШБББнүн бала бакчаларынын башчылары менен жолугушуу болду

Таш-Көмүр шаарында ШБББнүн бала бакчаларынын башчылары менен жолугушуу болду

Таш-Көмүр шаарындагы №2 “Ак-Кайың” бала бакчасында 20.02.2020 шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Г.Эргешова,башкы бухгалтер Б.Молдомуратова,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпар,билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Э.Ж.Эгизалиева менен жолугушуу болуп өттү.Бул жолугушууда быйылкы “2020-жыл өлкөн санариптештирүү,аймактарды өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылына” карата аткарыла турган иштер жөнүндө,ошондой эле балдардын коопсуздугун коргоо иретинде видео-көзөмөлдү бала бакчаларда ишке ашыруу,айлык акынын электрондук жолго өтүүсү,техникалык жана өрт коопсуздугун сактоодогу алып барылуучу иштер боюнча талкуу болду.

 21.02.2020      402       Кесиптик бирлик региондордо

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде аймактык ачык сабактар жана өтүлгөн сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде аймактык ачык сабактар жана өтүлгөн сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

2020-жылдын 17-февралында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айрыбаз, Кыргызстандын 10 жылдыгы, Сатаров, С.Баюми, С.Тажибаева, Сары-Алтын жана Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 Д.М.Карбышев, №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы, №4 А.С.Пушкин, №5 Ч.Айтматов, №6 Токтогул, №7 Т.Иметов, №8 А.Навои, №9 У.Гулматов, №10 А.П.Гайдар, №11 М.Куренкеев, №12 А.Осмонов, №13 И.Абдрахманов атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу багытындагы аймактык ачык сабактар жана сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге “Келгиле окуйбуз” долбоорунун Баткен областтык координатору, областтык билим берүү усулдук борборунун башкы адиси О.Эркебаев жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары чакырылды.

 21.02.2020      599       Кесиптик бирлик региондордо

АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

АРДАГЕРЛЕР  МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ

Ош областтык райшаар жана окуу жайларда билим берүү тармагында иштеген Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда Областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев куттуктоо сөз сүйлөп, ардагерлерге ден-соолукту, жеке турмушунда жетишкендиктерди, жаштарды тарбиялоодо ийгиликтерди каалады. Ардагерлердин атынан М. Жаныбеков, Т.Анарбаев, А. Абдибаевдер сөз сүйлөшүп, профсоюз уюму кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоочу, калыс, элдик уюм экендигин дагы бир жолу көрсөтүп, область боюнча топтоп, бир бирибиз менен учурашып, баарлашууга, өткөн күндөрүбүздү эстеп, кайтпай калган куралдаштарыбызды эскерүүгө шарт түзүп берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп жаткандарыёыздарга абдан ыраазыбыз деп билдиришти. Иш-чаарага область боюнча билим берүү тармагында иштеген 26 ардагер катышышты.

 21.02.2020      463       Кесиптик бирлик региондордо

Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу

Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу

2020-жылдын 14-февраль күнү Лейлек районунун Голбо айылындагы Кожояр Казыев атындагы орто мектебинде “Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу” аттуу темадагы семинар өткөрүлдү. Семинарга райондун мектептеринин окуу бөлүм башчылары жана ошондой эле, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын усулчулары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө мектептин орус тили мугалими Алдамуратова Айхан тарбынан “Анализ лирического произведения” , математика жана информатика мугалими Абдиева Гүлзат тарабынан “Олимпиадада жеңүүчү жылдап тандалат”, чет тили, тарых, химия мугалимдери тарабынан “Предметтер боюнча олимпиадага даярдоо усулдары” аттуу темадагы даярдалган ачык сабактар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучуларга чоң таасир берип, тажрыйба алмашуу жүрдү.

 21.02.2020      2545       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында “Англис тили –бүткүл дүйнөлүк өз ара баарлашуу” тили жумалыктары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында  “Англис тили –бүткүл дүйнөлүк өз ара баарлашуу” тили жумалыктары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында жылда салтка айланып калган англис тили жумалыгы болуп өттү.Бул жумалыкта ШБББнүн бардык мектептеринде чет тили мугалимдери бир жума бою англис тилинен сабактарды беришти.Атайын иш чаралар түзүлүп ар кандай ыкмадагы сабактар көрсөтүлдү.Англис жазуучуларынын китептеринен,окуучулардын өз күчү менен жазалган китепчелер,ыр китептер,сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду.Бул жумалыкта Шамалды-Сай шаарчасындагы №8 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими Т.Сарыкованын,№10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими,№3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин англис тили мугалими А.Токтогулованын сабактары алкоолорго татыды.

 21.02.2020      546       Кесиптик бирлик региондордо

Элдин ишенимине ээ болгон төрага

Элдин ишенимине ээ болгон төрага

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинде 2020-жылдын 13-февралында отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга 17 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынан 21 делегат, ШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы, областтык комитеттин президиум мүчөсү А.Бердиев, шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышышты. Конференцияда Сүлүктү шаардык комитеттин төрагасы К.С.Кудаяровдун 2015-2020 жылдарга аткарылган иштеринин отчету, финансылык ишмердүүлүгү боюнча текшерүү комиссиясынын отчету угулду.

 20.02.2020      451       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында Ооган согушунун катышуучуларына арнап иш чаралар өткөрүлдү жана №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде атайын кабинет ачылды

Таш-Көмүр шаарында Ооган согушунун катышуучуларына арнап иш чаралар өткөрүлдү жана №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде атайын кабинет ачылды

Таш-Көмүр шаарында Советтик Армиянын аскерлеринин чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата жана Ооган согушунун катышуучуларына арналып шаардык мэрия тарабынан жана жалпы мекемелер,билим берүү бөлумүнүн мекемелери менен биргеликте атайын иш-чаралар уюштурулду.Бул иш-чарага ылайык шаарыбыздын М.Ирсалиев атындагы эс алуу багынын чок ортосунда жайгашкан “Белгисиз солдат”эстелигине гүлчамбарлар коюлуу менен чакан концерттик программа менен коштолду.

 20.02.2020      741       Кесиптик бирлик региондордо

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨР БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЕРЛЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮДӨ

СОЦИАЛДЫК   ӨНӨКТӨШТӨР  БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЕРЛЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮДӨ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети социалдык өнөктөштүк боюнча мамилелерди жүргүзүүдө Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин ортосунда 2018-2020-жылдарда билим беруу кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча макулдашуунун, айыл өкмөттөрүнүн, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ортосунда 2018-2020-жылдарда билим беруу кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча 95 макулдашуулардын, 2 жамааттык келишимдердин аткарылышын көзөмөлгө алуу менен иштеп келе жатат.

 20.02.2020      434       Кесиптик бирлик региондордо

Сүлүктү шаарынын конференциясы

Сүлүктү шаарынын конференциясы

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык уюмунун отчеттук кайра шайлоо конференциясына 17 баштапкы уюмдардан 21 делегат, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен обкомунун президиумунун мүчөсү А.Бердиев, шаардагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышышты. Конференцияда комитеттин 2015-2020 жылдарда аткарган иштеринин отчету менен шааркомдун төрагасы К.Кудаяров өз докладында кеңири тааныштырды. Шаардык профсоюз уюмунун финансылык ишмердүүлүгү боюнча текшерүү комиссиясынын отчету угулду. Жарыш сөзгө чыгышкан делегаттар комитеттин ишин канааттандырарлык деп баалашты.

 20.02.2020      417       Кесиптик бирлик региондордо

"Ооган согушу - айыкпас жара"

2019-2020-окуу жылында "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылынын алкагында 15-февраль Афганчылар күнүнө карата Н.И.Мешков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте "Ооган согушу - айыкпас жара" аттуу темада 1-2-сменаларда жана башталгыч класстарда адабий музыкалуу кече өткөрүлдү. Ошондой эле Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болду.

 17.02.2020      1305       Кесиптик бирлик региондордо