Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жогорулатылган эмгек акылардын төлөнүшү

Бишкек шаарындагы №21 атайын мектеп-интернатындагы (көмөкчү класс) 9-класстын мугалими Алаева Жамал Жаманкуловна бул класс башталгыч класстын программасы менен окуп жаткандыктан мага башталгыч класстын мугалимдерине төлөнүүчү 117 сомдон төлөп берүүнү сурап, ошондой эле профсоюздук уюм профсоюздун мүчөлөрүнүн укуктарын коргобой жаткандыгын айтып арыз менен кайрылган. Атайын мектеп-интернатка барып, иш кагаздары менен таанышканда, Ж.Ж.Алаева окутуп жаткан 9-класс көмөкчу класс катары 5-класстын программасы менен экинчи баскычтагы предметтерди окутуп жаткандыгы, же  97,5 сомдон туура төлөнүп жаткандыгы аныкталды. Ал эми эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышына профсоюздук комитет тарабынан дайыма көзөмөлдүк кылуусу  эскертилди.   

 

Материалды даярдаган:

Укук иштери боюнча башкы инспектор

Б.Кадыркулов