Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жер титирөөдөн жабыркаган билим берүү кызматкерлерине гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

           2015-жылдын 17-ноябрь күнү жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан С.Нышанбаев жана Н.Бапыгулов атындагы орто мектептеринде, Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан А.Осмонов, Кызыл-Ордо, А.Муратов, А.Жунусов жана И.Сулайманов атындагы орто мектептерде эмгектенип жатышкан  48 кызматкерге Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 96 мин( токсон алты мин)сомдук гуманитардык жардам уюштурулуп, 29-30-декабрь күндөрү жеринде алып барылып, таркатылды.