Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жалал-Абад обкому “Кесиптештерге жардам” акциясын Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда өткөрдү.

Жалал-Абад обкому “Кесиптештерге жардам” акциясын Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичтын демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Кесиптештерге жардам” акциясын Жалал-Абад обкому Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда 2020-жылдын 15-май күнү өткөрдү.

Жалал-Абад обкомунун төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович аппарат кызматкерлери менен Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда болушуп, райБББ башчылары жана райкомдун төрагалары, жамааттары менен жолугушуп, алар менен баарлашты. Райкомдордун сунуштарына ылайык ар бир райондон 5ден бардыгы 10 билим берүү кызматкерлерине ар бирине 3 миң сомдон бардыгы 30 миң сомдук акчалай жардамдар берилди.

Ноокен райБББнун башчысы Олжобаев Нурбек Курманбекович , Базар-Коргон райкомунун төрагасы Жаркынбаев Сүйүн бек Сарыевич жана мугалимдер Борбордук Комитеттин төрагасы А. Токтогуловко, Обкомдун төрагасы А.Исмаиловко уюштурулган акция үчүн, көрсөтүлгөн колдоолорго ыразычылык билдиришип, иштерине ийгиликтер каалашты.

Айрыкча Ноокен районундагы №34 “Жазгак” орто мектебинин ардегер мугалими Кебекова Барчайым сүйлөп, оор күндөрдө профсоюз жетекчилери, лидерлер тарабынан аткарылып жаткан иштер мугалимдерге дем, күч-кубат берип, сабырдуулукка, биримдикке, ынтымакка чакыргандыгын белгиледи.

Акция башка райшаарларда уланмакчы.

Материалды даярдаган Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.