Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Таш-Көмүр шаарында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан “Кесиптештерди колдойбуз”аттуу акциясы уланууда.

                                  Таш-Көмүр шаарында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан “Кесиптештерди колдойбуз”аттуу акциясы уланууда.

     18-апрелде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан “Кесиптештерди колдойбуз”акциясынын алкагында бардык мектептерге жана бала бакчалардын жардамга муктаж,аз камсыз болгон,майып кесиптештерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү.Бул акциянын жүрүшүндө Жаштар Комитетинин төрагасы Дайырбек уулу Манас,мүчөлөрү Зулпукарова Наргиза,Жуманалиева Гүлүс мектептердин профсоюз уюмунун төрайымдары Усенова Бактыгүл,Асанова Эльмира,Бабатаева Зейнеп, материалдык жардам көрсөтүү комиссиясынын төрайымы Бакирова Жамила уюштуруу иштерине ошондой эле жеткирүүгө активдүү катышышып,кесиптештердин ыраазычылыктарына арзышты. Элибиздин башына кыйынчылык түшкөн учурда кесиптештерибизге кол сунуу,кам көрүү жагынан профсоюз уюмунун көрсөткөн жардамы,колдоосу коомдо кадыр баркы чоң экендигин агийнелейт.Профмоюз уюму ар дайым мугалимдерди колдоп,жардамын көрсөтө бермекчи. Урматтуу мекендештер,биздин сүйүктүү кесиптештер коомдун күзгүсү,мекендин тиреги болуп аброюңуздар көтөрүлө берсин.Тынччылык жана бейпилдик орносун.

 

Материалды даярдаган: Эгизалиева Э.Ж