Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Селден жабыр тарткандарга материалдык жардам берилди

20211-жылдын 15-майында Сузак районуна караштуу Сузак, Атабеков жана Барпы айыл өкмөттөрүндө жайгашкан билим беруу мекемелеринде иштешкен 79 кызматкер  2022-жылдын 4-майында нөшөрлөп жааган жамгырдан пайда болгон сел кырсыгынан  жабыр тартышкан жана алардын ичинен 28 кызматкердин жашаган үйлөрүнө сел кирип, 54 кызматкердин короо-жайы жана кошумча курулуш, сарайлары зыян тартышкан.

Билим берүү жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети президиумунун чечими менен жогорудагы сел кырсыгынан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине 109 миң сомдук материалдык жардамдар кесиптик бирликтин райкомунун эсебинен көрсөтүлдү.

Материалдык жардамды Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук КБКнын инспектору М.Примкулов