Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюз мүчөлөрүнүн балдарына жардам берилди

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети кесиптик бирликтин мүчөсүнүнө материалдык жардам көрсөттү.

Иш-чара Базар-Коргон районундагы №23 А.Эралиев орто мектебинде өткөрүлүп, ага райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев, райондук комитеттин адиси К.Асыранкулов жана ушул мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Ж.Карабаева, мугалим Г.Тойгонбаева катышты.

№23 А.Эралиев орто мектебинин мугалими Г.Тойгонбаева кызын А.Молдалиеваны операциядан кийин дарылантуу үчүн жардамга муктаж болуп, билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетине кайрылган. Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев А.Молдалиевага ден-соолук каалап, кесиптик бирлик комитетинин атынан дарылануусу үчүн акчалай жардам көрсөттү.

№23 А.Эралиев орто мектебинин мугалими Г.Тойгонбаева көрсөтүлгөн жардам үчүн кесиптик бирликтин райондук комитетине ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик  каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов