Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Пленум болуп Өттү

2015-жылдын  2-декабрь  күнү  Билим  берүү  кызматкерлеринин  Өзгөн  райондук  профсоюз  комитетинин   кезектеги  Пленуму  болуп өттү.

   Пленумда  үч  тараптуу  макулдашуунун, келишимдердин  аткарылышы  жана  социалдык  өнөктөштүктү  өнүктүрүү максатында  2015-жылы   алып  барылган  иштердин  абалы жөнүндөгү  маселе  каралып,  кеңири  талкууга  алынды. Кезектеги  Пленумга  пленум   мүчөлөрүнөн  башка  билим берүү  мекемелеринин  баштапкы  профсоюз   уюмдарынын төрага, төрайымдары   катышты.

   Күн  тартибиндеги  маселе  боюнча  билим берүү   кызматкерлеринин  Өзгөн  райондук   профсоюз  комитетинин  төрагасы   И.Мырзамидинов  баяндама  жасады.  Ал өз  сөзүндө  райондук  мамлекеттик  администрация,  райондук  билим берүү бөлүмү  жана  райондук  профсоюз  комитетинин  ортосунда   түзүлгөн  үч  тараптуу   макулдашууда  белгиленген талаптардын  аткарылышына  токтолду.

   Билим  берүү  мекемелериндеги   эмгектенип  жаткан  жаш  адистерге  төлөнүүчү  жөлөкпулдун,  зыяндуу  шарттарда  эмгектенген  кызматкерлерге,  түнкү   кароолдорго  түнкү  убакта,   дем  алыш  жана  майрам  күндөрү  кошумча  төлөмдөрдүн  төлөнүп  берилип  жаткандыгын  белгиледи.  Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу   органдары  жана райондук  билим берүү  бөлүмү   тарабынан   макулдашууда  көрсөтүлгөн  талаптарды  аткарууда  мурдагы  жылдарга  караганда  жетишкендиктердин  арбын  экендигин  маалымдады.  Пленумдун  катышуучулары  жарыш сөзгө  чыгып  баяндамачынын   маалыматында  айтылгандардан  башка да  баштапкы  уюмдарда  аткарылып  жаткан   алгылыктуу  иштери  жөнүндө   кесиптештери  менен  пикир  алышышты.

   Билим   берүү  кызматкерлеринин   райондук  профсоюз  комитетинин  пленумуна  Ош  областтык  билим,  илим   кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин   бөлүм  башчысы  М. Аттокуров,  райондук  билим берүү бөлүмүнүн  башчысы  И. Дуйшеевдер  катышып,  пленумдун  катышуучуларынын   суроолоруна  жооп  беришти  жана  кеӊири мазмунда  сөз  суйлөштү.

 

 

 

 

                                      Өзгөн   РПК