Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Пенсияга чыгып иштеп жаткан мугалимдердин мыйзамдык кепилдиктери тууралуу

Суроо: Пенсия жашында иштеп жаткан мугалимди (кызматкерди) иш берүүчүнүн демилгеси менен кызматтан бошотуу мүмкүнбү?

Жооп: Пенсияга чыкканга чейин көп жылдар бою ошол мектепте иш берүүчү менен эмгек келишими “аныкталбаган мөөнөткө” түзүлгөн мугалимдерди иш берүүчүнүн демилеси менен пенсияга чыккандыгына байланыштуу жумуштан бошотууга негиз КР Эмгек кодексинде жана башка эмгек мыйзамдарында каралган эмес, бошотууга негиз жок.

Кызматтан бошотуу КР ЭК 79-статьясынын акыркы бөлүгүнө ылайык “эмгек келишимдин токтотулушу КР ЭК же башка мыйзамдын тиешелүү статьясына шилтеме жасап, эмгек келишимин бузуунун негиздерин көрсөтүү менен, иш берүүчүнүн буйругу менен бошотулат” деп көрсөтүлгөн, бул болсо пенсия жашына жеткен мугалимди кызматтан бошотууга КР ЭК ж.б. ченемдик укуктук актыларында мындай негиз жок дегенди түшүндүрөт.

Суроо: Пенсия жашындагы мугалимдер менен аныкталбаган мөөнөттөн кайра аныкталган мөөнөткө (срочный)  эмгек келишимин түзүүгө болобу?

Жооп: Пенсия жашындагы мугалимдин “аныкталбаган мөөнөткө” түзүлгөн эмгек келишимин кайра аныкталган мөөнөткө (мөөнөттүү эмгек келишими) түзүү жөнүндө КР ЭК 55-статьясынын 5-бөлүгүндө “Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими кызматкердин макулдугусуз белгилүү бир мөөнөткө кайра түзүлүшү мүмкүн эмес” деп белгиленген. Ошондуктан мугалимдин макулдугусуз эмгек келишиминин мөөнөтүн өзгөртүүгө мүмкүн эмес, келишимди өзгөртүү үчүн сөссүз түрдө пенсия жашында иштеп жаткан кызматкердин макулдугу керек. Көпчүлүк учурларда пенсионер мугалимдер мындай макулдукту бербейт, анткени мугалим макулдук берсе мөөнөттүү эмгек (срочный трудовой договор) келишими түзүлөөрүн жана анын мөөнөтү бүткөндө кийинки жылга узартууга кепилдик жок экендигин же КР Эмгек Кодексинин 81-статьясы менен бошотуу иш берүүчүнүн укугу экендигин алар жакшы билишет.

Экинчиден, пенсияга чыгып иштеп жаткан мугалимдер КР Эмгек кодекси кабыл алынганга, же 2004-жылга чейин жумушка кирип эмгек мамилеси иш берүүчү менен “аныкталбаган мөөнөткө” түзүлгөн болсо, анда, КР ЭК 55-статьясынын 1-2-пункттарындагы нормалар чыкканга чейинки эмгек мамиледе тургандыктан КР ЭК 3-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык “эмгектик укук ченемдерин камтуучу мыйзам ж.б. ченемдик укуктук акты “кайта жангыз күчкө ээ” (не имеет обратной силы) жана аны колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан  мамилелерге гана карата колдонулат” – деп белгиленгендиктен алар менен мөөнөттү эмгек келишимин түзүүгө болбойт.

Суроо: Мектеп мугалимдерине жумалык жүктөмдөрдү бөлүштүрүүгө ким жооптуу?

Жооп: КР Министрлер Кабинетинин 30.03.22-жылдагы №181 токтому менен бекиткен эмгек акы төлөөнүн жобосунун 21-тиркемесинин 26-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жаңы окуу жылына окуу жүктөмүн бөлүштүрүү укугу мектептин кесиптик бирлик уюму менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун директоруна таандык деп белгиленген.

Ошондуктан жаш мугалимдер жана пенсия жашында иштеп жаткан мугалимдерге саат бөлүштүрүүдө мугалимдин тажрыйбасын, ишмердүүлүгүн, жоопкерчилигин жана жаңычыл чеберчилигин эске алуу менен бөлүштүрүү туура болот.

 

Суроолорго жооп берген: БКнын укук жана эмгекти коргоо инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович