Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

ОшМУнун бириккен профсоюз комитети

 

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинен

кызматкерлерге жана окутуучуларга гум. жардам берилди.

     2020-жылдын 26-апрелинде ОшМУнун ректору К.Г. Кожобековдун демилгеси менен ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан ОшМУнун 75 кызматкерлеринин ар бирине азык-түлүк түрүндө (май, макарон, чай, күрүч, кант, печенье, туз, сгушенка, ун) жардам берилди. Ар бир кызматкерлердин үй-даректерине жеткирилди. Ал эми кызматкерлерге жардам берүү дагын улана бермекчи. Берилген жардам үй бүлөөнүн абалына жана денсоолугунун абалына карап бөлүштүрүлүп берилди. Материалдык жардамдарды тапшыруу иш чарасына ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А.Э. Саттаров жана факультеттердин профбюролорунун төрагалары О. Маматкулов жана У. Калбаевдер катышышты.

     Кыргыз мамлекетинде оор кырдаалда башталгандан баштап Ош мамлекеттик университетинин кесиптик кошунун курамы, жалпы университеттин кызматкерлерине жана студенттерине “COVID 19 Коронавирус” илдети боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Эл аралык медицина факультетинин 3000ден ашык студенттери жеке батирлерде жана ОшМУнун жатаканаларында турушат. Ушул студенттерге кураторлору жана координаторлору менен биргеликте азык-түлүк түрүндө жана өздөрүнүн эсебинен жеткирилди, себеби студенттердин сыртка чыгуусуна тыюу салынгандыгына байланыштуу, ушундай иштер тынымсыз болуп жатат. ОшМУнун саламаттыкты сактоо пунктунун дарыгери Н. Конобаев менен биргеликте жатаканада жашаган студенттердин ден соолугу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат.

     Ошондой эле “ТУЛПАР” ун комбинатынан 60 кап ун алынып, университеттин кызматкерлеринин өз эсебинен таркатылды.