Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

ОшМУда бириккен профсоюз комитетинин XXXIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду

Ош мамлекеттик университетинде 4-декабрь күнү ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин XXXIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

 

         Конференцияга  171 делегаттан тышкары КРнын Профсоюздар Федерациясынын төрагасы, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов,  Ош  областтык  Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  төрагасы  С.  Тойгонбаев, ОшМУнун ректору профессор Каныбек Исаков, ОшМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Арап Анарбаев, Аялдар Кеңешинин төрайымы, Жаштар комитетинин  төрагасы, факультеттердин декандары, структура бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер да катышышты.

 

    Конференцияда ОшМУнун бириккен профкомунун төрагасы Абдыжапар Аккулов 2009-2014-жылдар аралыгындагы ОшМУнун профсоюз комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча отчетун  берди. Отчетто   профсоюз  комитети  тарабынан окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин социалдык,  экономикалык  кызыкчылыктарын  жана  эмгекти  коргоо  багытында  алып  барылган  иштери  жөнүндө кеӊири  баяндалды.

 

    Андан соң “ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин текшерүү комиссиясынын 2009-2014-жылдар аралыгындагы иштери жөнүндөгү отчету” боюнча текшерүү комиссиясынын төрагасы Мейманбек Рысбаев маалымат берди.

   Сөзгө  чыккан  делегаттар  отчет  аралыгында жүргүзүлгөн  алгылыктуу  иштерди  белгилеп, сунуш-пикирлерди айтуу менен «канааттандырарлык» деген  баа беришти. 

Кайра шайлоо ишинде ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына төрага Абдыжапар Аккулов жана Медицина факультетинен Абсамат Сатаров талапкерлигин койду. Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын 135 добушу менен Аккулов Абдыжапар 5 жылдык мөөнөткө көпчүлүк добуш менен  ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп кайра шайланды.