Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

ОшМУда билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар ыйгарылды

3-декабрь–майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар берилип, сый тамак уюштурулду.

         Ошондой эле Ош шаарындагы №5 орто мектепке жана Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаранга колдоо көрсөтүлдү.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде, жатаканаларында түрдүү иш чаралар уюштурулуп, моралдык, материалдык жактан колдоолор көрсөтүлдү. Бул багытта Юридика факультетинин "Социалдык иштер" кафедрасынын окутуучулары жана анда билим алып жаткан студенттердин "Социум" жаштар клубу менен биргеликте Кара-Кулжа районунундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга психосоциалдык, моралдык колдоо көрсөтүп, маданий иш-чара өткөзүп келишти.

         Кошумчалай кетсек, ОшМУда билим алып жатышкан  мүмкүнчүлүгү чектелген  студенттерге студенттердин абалын эске алуу менен атайын комиссиянын чечимине ылайык келишимдик акыларына 10%дан 50% чейинки жеңилдиктерди берип келет.