Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ош облустук билим илим кызматкерлеринин профсоюз комитети

    Ош облустук билим илим кызматкерлеринин профсоюз комитети Араван районунун окутуучуларына материалдык жардам көрсөттү. 2020-жылдын 24-апрель күнү Ош облустук билим илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Абдувапович Тойгонбаев өзүнүн жетекчилиги менен Араван районунун билим берүү тармагында эмгектенген профсоюз мүчөлөрүнө азык түлүк түрүндө жардам берди.

    Берилген жардам үй бүлөөнүн абалына жана ден-соолугунун абалына карап бөлүштүрүлүп берилди. Материалдык жардамдардытапшыруу иш чарасына Ош облустук профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Т.Ахматалиев аппараты менен,Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Б.А.Турдубаевдер катышышты.