Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ноокат райондук профсоюз комитетинин билдирүүсү

Ноокат райондук профсоюз комитетинин билдирүүсү.

     2020-жылдын 16-17-апрель күндөрү билим берүү кызматкерлеринин областтык профсоюз комитети тарабынан жана Ноокат райондук мугалимдердин профсоюз комитети тарабынан билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам көрөтүлдү.

     Учурдагы өлкө аймагындагы түзүлгөн кырдаалга карата да, азыркы өлкөдөгү Коронавирустун очогу болгон Ноокат районунун аймагындагы абалга карата билим берүү мекемелериндеги социалдык жардамга муктаж болгон мугалимдерге моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында Ноокат районунун аймагындагы билим берүү кызматкерлерине азык-түлүк продуктуларынан жардам берилди. Билим берүү кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдувапович мугалимдерге жардамдарды жеткирүу учурунда - Бул иш чара ар кандай кырдаалдарда мугалимдерди колдоо бул райондук жана облустук профсоюз комитетинин бирден бир милдеди экендиги, жана иш чара ага ылайык ишке ашырылып жаткандыгын билдирди. Ал эми Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы Тажибаева Насиба Кадыралиевна мугалимдердин Ноокат райондук профсоюз комитети ар дайым мугалимдерге түрдүу колдоорлорду жасап келе жаткандыгын, мындан ары дагы колдоолор боло берээрин билдирди.

     Мугалимдерге материалдык жардам көрсөтүү Облустук профсоюз тарабынан өзүнчө жана Ноокат райондук профсоюз комитети тарабынан өзүнчө бөлүн каражатка жараша таратылып, мугалимдердин ыраазычылктарына ээ болушту.