Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо - башкы милдет

Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо - башкы милдет

     Билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев 2020-жылдын 4-майында областтык профсоюз комитетинин атынанан Алай районундагы аз камсыз болгон билим берүү кызматкерлерине (мугалимдерге жана тех.кызматкерлерге) азык - түлүк жардамын алып келип тапшырды .

     Жалпысынан 40 кызматкерге 65 000 сомдук азык түлүк пакеттери таратылды. Профсоюз комитетинин мындай жардамы үчүн Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, Курманжандатка атындагы орто мектебинин директору Т.Маматов, Ж.Алимов атындагы орто мектебинин директору М.Сыдыкова, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров жана жардам алган профсоюз мүчөлөрү областтык, республикалык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитеттерине ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле ушул коронавирус илдетинен жалпы кыргыз эли, бүткүл дүйнөдөгү адамзаты тезирээк арылып кетишин тилеп ак баталарын беришти.