Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине маалымат

                                             Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун                                                                                           Борбордук комитетине маалымат.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 2020-жылдын 25-мартынан тартып өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал киргизилди. Ошол себептен Кыргыз-Өзбек университетинин Бириккен профсоюз комитети төмөнкүлөрдү маалымдайт:

     1. Кыргыз-Өзбек университетинин бардык түзүмдөрү, ректорат жана Бириккен профсоюз комитети өз ишмердүүлүктөрүн аралыктан жүргүзүп келе жатышат. Студенттер үчүн онлайн-окуу программасы жолго коюлуп, мугалимдер AVN, ZOOM, Whatsapp жана башка программалардын негизинде сабактарды өз убагында өтүп жатышат. Ошондой эле Окумуштуулар кеёешинин, түзүмдөрдүн отурумдары да бекитилген планга ылайык онлайн түрүндө жүргүзүлүп келе жатат.

     2. Андан сырткары университетибиздин профессордук-окутуучулар жамааты жана жалпы кызматкерлери март айынын эмгек акысын толугу менен алышты.

     3. Апрель айында тиешелүү планга ылайык иштер жүрүп жатат. Бириккен профсоюз комитети да окумуштуулар кеёеши тарабынан онлайн түрүндө өткөзүлүп жаткан отурумдарга катышып келүүдө.

     4. Учурдагы өзгөчө кырдаалда окуу имараттарында эмгектенип жаткан нөөмөтчү, күзөтчүлөргө материалдык колдоо көрсөтүүнү пландаштырып жатат. Суроо-талаптар болсо, Бириккен профсоюз комитети колдоо көрсөтүүгө даяр.