Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

КР Билим берүү жана илим министрлигинде Б.Кадыркуловдун өткөргөн окуу-семинары

Бүгүн 4-декабрь саат 10.00 дө Билим берүү жана илим министрлигинин 2-этажындагы жыйындар залында Чүй областынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кадрдык иштер боюнча жетектөөчү адистердин катышуусунда «Эмгек мыйзамдуулугун аткаруудагы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин милдеттери жана профсоюздук уюмдардын ролу» деген темада практикалык окуу-семинары өткөрүлдү.

Семинардын ишине Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Жусупбекова министрликтин МЧМжМТБББ жетектөөчү адиси Кусеинова Айнура, Чүй областынын методикалык борборунун директору Султанов Райымбектер катышты.

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укук инспектору Б.Кадыркуловдун слайд аркылуу өткөн окуу-семинарынан кийин рБББ башчылары жана кадр иштерин жүргүзгөн адистердин берген суроолоруна жооптор менен окуу-семинар толукталды. Семинардын аягында башкармалыктын жетектөөчү адиси Кусеинова А. областтык методикалык борбордун директору жана рБББ башчылары жана адистер  ыраазычылык билдиришип, окуу семинар аяктады.

 

 

Материалды даярдаган:

Укук иштери боюнча башкы инспектор

Б.Кадыркулов