Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

“Кесиптештерге жардам” акциясынын 2-этабы Ала-Бука районунда улантылды.

“Кесиптештерге жардам” акциясынын 2-этабы Ала-Бука районунда улантылды.

     Кырыгыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин демилгеси менен уюштурулган “Кесиптештерге жардам” акциясынын 2-этабы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райкому тарабынан май айында башталды.

     Ала-Бука райкомунун төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич менен Ала-Бука райБББнун башчысы ТурдукуловаЧынара Абдукапровна жетекчилигинде райондун алыскы айыл аймактарындагы колдоого муктаж болгон 38 билим берүү кызматкерлерине жашаган жерине жеткирип 38 миң сом акчалай жардамдар тапшырылды. Жалпысынан 1-2 этаптарда 118 миң сомдук жардамдар берилди.

     Ошондой эле райБББнун имараатын дизенфекциялоого жана кызматкерлерды дары дармек, кол кап, маскалар менен камсыздоого 6 миң сом сарпталды. Аталган иш-чараларга райкомдун бюджетинен бардыгы 124 миң сом каражат жумшалды.

     Жардам алган профсоюз мүчөлөрү райондук жетекчилерге өз ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

     Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров.