Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

“Кесиптештерге жардам” акциясын Сузактыктар уланты.

“Кесиптештерге жардам” акциясын Сузактыктар уланты.

    Мамлекетибизде оор сыноо күндөрү болуп, бул оор жүктү жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичтин жетекчилигинде республика боюнча “Кесиптештерге жардам” акциясы өткөрүлүүдө.

    Бул иш-чаралар ар бир райондун, шаардын өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде уюштуруулуда. Сузак району илдеттин башталыш жери болгондуктан, өзгөчө кырдаал тартиптери катуу талап кылынып, эрежелерди сактоону камсыздоо биринчи орунда турду.

    Ошондуктан Сузак районунда “Кесиптештерге жардам” акциясы 6-8 май күндөрү уюштурулуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тынычбек Жумабекович райкомдун төрагасы Орозалиев Абдимажит Жумабекович жетекчилигинде атайын мобилдык топтор аркылуу 345 профсоюз мүчөсүнө 175 500 сомдук азык-түүлүк жардамдары таркатылып берилди.

    Сузактык кесиптештерибиз Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы майрамы алдында жана ыйык Орозо күндөрүндө алган жардамдары үчүн ыраазычылыкьтарын билдиришип, райондун жетекчилерине, уюштуруучуларга рахмат айтып ищтерине ийгиликтер каалашты.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров.