Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кемин райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитети

        2018-2019 жылдан баштап Кемин райондук Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин демилгеси менен айыл өкмөттөрдүн бюджетинин эсебинен аз камсыз болгон мугалимдерге , пол жуугучтарга акчалай жардам көрсөтүлө баштаган. 29 январь 2020 жылы Кемин райондук Билим берүү кызматкерлер профсоюз комитети мектептердин , балабакчалардын профсоюз комитетинин төрайымы , торагаларына айыл өкмөттөргө, айылдык кенештин төрагаларына кайрылууну милдеттендирилген . Ал эми мектептердин ,  балабакчалардын профсоюз комитетинин төраймдары атайын айыл өкмөттөрүнө , айылдык кенештин төрагаларына атайын кат аркылуу кайрылышкан. Кыргызстанда түзүлгөн оор, кырдаалга байланыштуу, бүгүнкү күндө Кемин районундагы 13 айыл өкмөтү Кемин районундагы Билим берүү мекемелеринде иштеген аз камсыз болгон, көп балалуу уй-бүлөөлөргө жардам берүүдө. Мисалга алсак, Чымкоргон айыл өкмөтүнө караштуу Самансур орто мектебинин 33 профсоюз мүчөсүнүн ар бирине 1 мешок ун, 5 кг сахар , 5 литр май, 5кг макарон таратты. Ак-Туз орто мектебинин 26 профсоюз мүчөсүнө да 1 мешок ун, 5кг макарон , 2кг күрүч , 2 кг сахар , 5 литр май таратылды, Тар-Суу орто мектебинин 29 профсоюз мүчөсүнө Мегаком компаниясынын генеральный директору Жамангулов Акылбек Жекшеновичтин үй-бүлөөсүнүн атынан 1 мешоктон ун таратты. Андан тышкары ар бир айыл өкмөтү алтыдан кем эмес профсоюз мүчөлөрүнө жардам берүшүүдө.