Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Каракол шаардык профсоюз комитети жардамга муктаж болгон билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине азык –түлүк менен жардам көрсөттү.

Жардам көрсөтүлдү.

     Кырдаалдуу учурдагы карантиндин пайдасын да , зыянын да көрүп жатканыбызды тана албайбыз. Балдардын бирөөсүн бала бакчага, экинчисин мектепке таштап, кечкисин кайра үйгө алып келүү менен эле чектелип калган элек. Эми минтип бир айдан ашык балдар менен бирге окуп, бирге ойноп кыскасы “чогуу жашап” артта калган күндөрдү барактап отургандайбыз. Бул пайдасы. Зыяны базарда соода кылгандарга, жалданып иштеп, күнүмдүк жумуш менен эптеп үй бүлөсүн баккандарга азап болду. Мындай оор күндөрдү биздин билим берүү кызматкерлерибиз да баштан өткөрүүдө. Айрыкча көп балалуу, батирде жашаган мугалимдер жардамга муктаж болуп турган кези. Мына ушундай жагдайды эске алуу менен билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитети жардамга муктаж болгон билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине азык –түлүк менен жардам көрсөттү.

 

Каракол шаары Касмалиева Ж.У.