Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо багытында семинар- окуу өткөрүлдү.

 

Семинар – окуу 2014-жылдын 30-сентябрь күнү Кара-Суу шаарында жайгашкан Манас орто мектебинин базасында мектеп, мектепке чейинки мекемелердин директорлорунун    буйрук менен бекитилген эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча 140 кызматкерлердин катышуусунда болуп өттү.

    Семинардын ишине Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инспектору Ажиматов Эшболот катышты.

    Семинардын жүрүшүндө эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо  боюнча Билим берүү кызматкерлеринин районду профсоюз комитетинин төрагасы П.Жакыпов жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инспектору Ш.Назаровалар иш планды түзүү, буйруктардын жазылышы, эки тараптуу келишимдердин түзүлүшү, эмгекти коргоо укуктук негиздер, киришме журналдарды жүргүзүү   нускамалардын(инструкциялардын) аткарылышы жөнүндө практикалык жардамдар  берилди.

 

 

Кара-Суу райондук билим 

берүү кызматкерлеринин профсоюз

 комитетинин төрагасы                                                             П.Жакыпов