Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатына жардам

28-апрелде билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев Алай районундагы Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы №4 мектеп-интернатынын эмгек жамаатынан кабар алып, өзүнүн белектерин тапшырып кайтты.

Мектеп-интернатта учурда 38 мугалим, 12 тарбиячы 311 окуучуга билим-тарбия беришүүдө. Ал эми 150 окуучу турмуш шартына байланыштуу мектеп интернатта жатып окушат.

Сабыр Абдубапович мектеп интернаттын эмгек жамаатына алардын өтүнүчүн эске алып, учур талабына ылайык атайын телевизор (smart) тапшырды.  Ал эми жатып окуган окуучулардын муктаждыктарын эске алып, учурдагы эпидиологиялык абалга байланыштуу 150 окуучуга ылайык антисептиктерди, маскаларды, тиш пасталарды, тиш щёткаларын жана жуунучу каражаттарды тапшырды.

Ошондой эле алдыңкы чыгармачыл мугалим А.Турганбаева, тарбиячы С.Ападаковаларга областтык профсоюз комитетинин Ардак грамоталарын да тапшырды.

Атайын уюштурулган чакан салтанатка Алай   райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыровдор катышып, областтык профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдирүү менен, мектеп интернатынын жамаатына ийгиликтерди каалашты.

Жардамга арналган салтанатты мектеп интернатынын директору Т.Б.Калдыбаев алып барып билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетине жана анын төрагасы С.А.Тойгонбаевге жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.

 

Маалыматты даярвдаган: Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров