Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Эмгек укуктарын коргоо боюнча жардам көрсөтүлдү

Таш-Көрмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мурдакы башчысы Н.ЖоошбаевдиТаш-Көмүр шаарынын мэри Н.Доулбеков 2022-жылдын 31-мартында №71 буйругу менен кызмат ордунан бошоткондугу боюнча Кесиптик бирликтин борбордук комитетине арыз менен кайрылган. Арызда Н.Жоошбаев Жалал-Абад областык Билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосуновдон жана вице-мэр Б.Девонаевадан бир күнгө уруксат сурап жумушка чыккан эмес. Бирок бул кызмат адамдары кызматкердин “Иш берүүчүсү” болуп эсептелбейт, анын түздөн түз иш берүүчүсү шаардын мэри Н.Доулбеков саналат. Ошондуктан мэр Н.Доулбеков “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамынын 37-беренесинин 5-пунктунун а-пунктчасын “5) кызматчы эмгек тартибин төмөнкүдөй бузганда: а) ишке келбей койгондо (жумуш күндүн ичинде жүйөлүү себептерсиз 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондо)” негиз катары алып кызматкерди кызмат ордунан бошотуп койгон. Бардык чечимди иш берүүчү гана кабыл алат, натыйжада мэр өз укугун пайдаланып, бошотуу чечимин кабыл алган.

Ошондуктан, Кесиптик бирликтин Борбордук комитети Н.Жоошбаевге мэрдин бошотуу буйругу боюнча шаардык сотко кайрылуу жана бир күнгө уруксат сураган адамдар аркылуу далилдөөнү сунуштаган.