Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу

       Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов жана ЧүйТокмок билим берүү болүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Алмакунов 2020-жылдын 17-апрелинде Чүй районундагы ата-энесинен кароосуз калган балдардын мектеп-интернатында жаны дайындалган мектептин директору Мусаева Назгул Мукашевна жана мектептин профкому Молобекова Нургуль менен жеринде жолугушуп келди. Жолугушуунун максаты кырдаалга карата карантинге жабылган (кирип чыгууга жол берилбеген) мектеп интернатта кызматкерлердин абалы менен таанышуу жана суроо-талаптарына жооп берүү, обсервацига кеткен мугалим боюнча маалымат алуу болуп саналды. Жолугушуу мектеп-интернатынын короосунан тышкары атайын коюлган посттун алдында өткөрүлду. Жолугушууда абал тынч экендиги, окуу процесси талапка ылайык жүргүзлүп жаткандыгы боюнча маалымат, ошондой эле кызматкерлердин бардыгы ордунда иштеп жатышкандыгы белгилүү болду. Райондук профсоюз комитети тарабынан атаэнесинен кароосуз калган балдарга атайын көп колдонулуучу медициналык маскалар жана мугалимдерге интернети жана байланышы бекер симкалар берилди. Мектеп-интернаттын директору жана профкому карантин башталгандан бери 1- болуп кабар алуу максатында келгенибизге чоң ыраазычылктарын билдиришти.