Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу

     Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу менен Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн биргеликте регионду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата түзүлгөн жылдык иш пландын негизинде жана дүйнө жүзүндөгү азыркы кырдаалга байланыштуу Чүй районундагы билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлерге социалдык абалдарына карата: аз камсыз үй бүлөдөгү, көп балалуу үй бүлөдөгү жана мумкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй бүлөдөгү кызматкерлерге гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү. Алардын ичинде 7 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, 3 жалгыз бой апаларга, 9 аз камсыз үй бүлөгө жана 11 көп балалуу үй бүлөгө тамак аш продуктылары топтолгон пакеттер берилди. Кайрымдуулук иш райондогу 21 айылды , 27 билим берүу мекемесин камтыды. Гуманитардык жардамдарды алган билим берүү кызматкерлери ушул күндөрдө эстен чыгарбай жардам көрсөткөн профсоюз уюмуна терең ыраазычылыктарын билдиришти.