Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан Кемин райондук билим берүү бөлүмүндөгү мыйзам бузуулардын бети ачылды

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Сокеев тарабынан  акыркы эки жылдан бери мектеп директорун кабыл алуу бошотууда орчундуу кемчилдикти кетирип, натыйжада Д.Сраждинованы мектеп директорунан туура эмес бошотуудан мамлекетке 39 950 сом зыян келтирген. Мындай жоругу кайра дагы кайталанып, билим берүү бөлүмүндө иштеген А.Тулебаеваны ЭКнин 69-беренеси менен башкы адистен жетектөөчү адиске которууда мыйзам бузууга барып, башкы адистин укугу тебеленген.  Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы өз убагында көзөмөлгө албагандыктан 2012-13-окуу жылында мектептерди оптималдаштыруунун эсебинен 2 771 356 сом дем берүүчү акыга берилбестен башка статьялар аркылуу чыгымдалып кеткен.

   Кызматтык машина бузук болгондугуна карабастан 2012- жыл үчүн 32,1 миң сом, ал эми 2013-жылдын октябрь айына чейин 31 миң сом күйүүчү май чыгымдалган.      

   Мектеп директорлорунун жазган кайрылуу катынын негизинде текшерүүдө Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүдө одоно каталар кетирилгендиктен Билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Сокеевди ээлеген кызматынан Профсоюздун Борбордук Комитетинин демилгеси менен бошотулду.

                                                                                                                           Б.Кадыркулов  -  главный прававой инспектор