Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Бүгүнкү күндө билим, илим тармагында да көп иштер жасалып, ошону менен бирге эле дагы коп койгойлор бар.

Өлкөбүз  эгемендүүлүктү  алгандан бери мамлекеттик башкаруунун ар кыл формасында, өнүгүүнүн  ар кандай жолдорун издеп күн кечирүүдө. Канткенде мамлекетибизди тунгуюктан алып чыгып, гүлдөп, өнүккөн  мамлекеттердин катарына кошобуз деген ой мен Кыргызстандыкмын деген ар бир патриот уул-кыздардын жүрөгүндө жашашы шарт.

Ушундай кырдаалда ар бир тармакка тиешелуу болгон койгойлор, чечиле турган маселелер арбын. Бүгүнкү  күндө  билим, илим тармагында да көп иштер жасалып, ошону менен бирге эле дагы коп койгойлор бар. Сапаттуу билим берүү, бул тармактагы кызматкерлердин маянасынын аздыгы, студенттердин, мектеп окуучуларынын көйгөйлөру  ж.б.у.с. проблемаларды санай берсек түгөнгүдөй  эмес.

Эсиниздерде болсо 2010-жылы ноябрь, декабрь айларында мугалимдердин толкундоолору Базар-Коргондон башталып, Жети-Өгүздө уланып, андан кийин бүткүл Республика боюнча нааразычылыктар күчөгөн. Ошол убакта бул бышып жетилген көйөйдү  бийлик бутагындагыларга түүра  түшүндүрүп, маселени  конструктивдуу  чечүү   жолдорун издөө  зарылчылыгы турган. Бул демилгени билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, А. Токтогулов колго алып, башаламандыкка жол бербей, маселенин тынч чечилишине опол тоодой салым кошкон. Анын жетекчилиги менен Республикалык штаб тузулуп, анын иш-планы иштелип чыгып, маселенин актуалдуу экендиги бийлик төбөлдөрүнө демократиялык принциптердин, кайрылуулардын негизинде жеткирилип, бир топ алгылыктуу иштер жасалган. Анын натыйжасында 2011-жылдын май айында билим, илим кызматкерлеринин айлык акысы 2-2,5 эсеге көтөрүлгөн. Жогорку окуу жайлардан алынуучу 20% салык негизсиз алынып жаткандыгын, бул ЖОЖдун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, профессордук окутуучулар курамынын эмгек маянасын көтөрүүгө чон кедергесин тийгизип жаткандыгын убагында ЖОЖ профсоюз комитетинин төрагалары көп эле айтканбыз.

Асылбек Токтогуловдун кийлигишуусу жана ишти уюштуруучулук жогорку жөндөмдүүлүгү  менен бул маселе билим, илим министирлигинин ЖК депутаттарынын назарына бир канча ирет салынып, коп талкуулар, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында ЖОЖдор бул салыкты төлөөдөн  бошотулду.

Мындан сырткары Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип, көптөгөн окуу-семинарлар өткөрүлүп, профсоюз лидеринин тажрыйбасына, иштөөсүнө  жакшы өбөлгө  тузулду.

Биз профсоюз лидерлери Асылбек Токтогулович жүргүзүп жаткан иштерди, демилгелерди колдойбуз жана профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө талыкпай иштей беребиз.

 

Асылбек Токтогуловичке чың  ден-соолук, эл жүгүн  аркалаган, түйшүктүү  ишине ийгиликтерди, уй-бүлөөсүнө  бакубат турмуш каалайбыз.

ОшМСУнун профком

төрагасы, м.и.к.:                                                        Ч. Мамажакып уулу