Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Бакай-Ата райондук комитетинде кезексиз пленум өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Бакай-Ата райондук комитетинин кезексиз  Пленуму 29-ноябрь 2019-жылы саат 10.00 дө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациянын кичи залында өткөрүлдү. Бакай-Ата райондук комитетинин Пленумунун күн тартибине эки маселе коюлуп, бекитилди.

  1. Райондук комитеттин мурдакы төрагасы А.Тыныбековдун иштеген мезгилдеги аткарган иштери боюнча маалыматын угуу тууралуу.
  2. Кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндо.

Күн тартибиндеги  биринчи маселе  боюнча профсоюздун Бакай-Ата райкомунун мурдакы төрагасы А.Тыныбеков өзү иштеген мезгилдеги аткарылган жумуштары жөнүндо маалымат берип, маалыматы суроо жооптор менен толукталып, кабыл алынды, ал эми экинчи маселе боюнча профсоюздун Бакай-Ата райкомунун төрагасын шайлоого кандидатуралар көрсөтүлүп. Пленумдун мүчөлөрү  тарабынан Солпиев Н,Сулайманкулова Н. жана М. Сатыбековдор көрсөтүлүп, 3 кандидатура өздөрүнүн  ойлорун айтышты, андан кийин  жабык добуш менен шайлоо өткөрүлүп, 1 турда бир дагы кандидат 50% ашык добуш алалбай, натыйжада 2 турга эң көп добуш алган эки кандидат Н.Солпиев жана Н.Сулайманкуловалар чыгышты, 2-чи турда көпчүлүк добуш менен Солпиев Нурбек Кеңешбекович шайланды.

 

 

Материалды даярдаган:

Укук иштери боюнча башкы инспектор

Б.Кадыркулов