Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ала-Букалык кесиптештерибиз профсоюз лидеринен ыраазы.

Ала-Букалык кесиптештерибиз профсоюз лидеринен ыраазы.

     Бүткүл дүйнөлүк элдер катары эле Кыргыз мамлекетинин эли да оор сыноолуу күндөрдү башынан өткөрүүдө. Мына ушундай учурда Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович жетекчилик кылган профсоюздук лидерлер тарабынан жер-жерлерде профсоюз мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенүүшүдө.

     Ала-Бука райондук комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынара Абдукапровна биргеликте жер-жерлерге айыл аймактарга барышып, колдоого муктаж болгон 80 билим берүү кызматкерлерине ар бирине 1000 сомдон акчалай жардамдарды таратышты. Жалпысыныан райкомдун бюджетинен 86 миң сом каражат сарпталды. Райондун үч алыскы айыл аймактарына май айында жардамдарды таратуу пландаштырылган. Гуманитардык жардамдарды берүү улантылат.

      Ала-Букалык кесиптештерибиз райондун жетекчилигинен жана профсоюз лидеринен ыраазы.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору –А.Айдаров.