Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Аксы районунун профсоюздук райкомитети

Коронавирусту бирге женебиз !

Кыргыз эли - уучу кур эмес,уюткулуу,байыркы эл.Ал элдин башына не,не деген оор кыйынчылыктар тушсо да,мункуроп,чогуп калбай , аны сабырдуулук,чыдамкайлык,биримдик,акылмандык  менен женип келгенин тарых барактарынан коп кезиктиребиз. 

     Бул ирет да калкыбыздын  башына  оор кыйынчылык тушту.Себеби, дуйно жузун  каптаган  улуу апаат,жаман дарт биздин мекенибизге да жетип,элибиз  кыйын  кырдаалды  баштарынан кечируудо.Кундон-кунго таажывирусу менен ооругандардын саны осуп,олкобуздогу  жарандарды  сарсанаага салууда.Бирок, терен ишенем,созсуз  бул илдетти тупкулуктуу элдин урпагын улоочулар ынтымак менен  женет деп ойлойм. 
        Калк башына тушкон ушундай  оор кундордо:"Калкым кыргыз, сен учун курман болуп кетейин",- деп тээ илгери Манас атабыз кара жанын  карч уруп, эл учун  жанын  да берууго даяр болсо, ал эми  бугун жаратмандык менен журтуна кам коруп,алардын кайгысына  ортоктош болуп,женилин жерден , оорун колдон  алган  жарандарыбыз  кобойуп, бир жакадан баш, бир женден кол  чыгарышып,калкыбыздын  аярлуу  катмарына  колунан  келген  жардамдарын  корсотушуудо. 
          Мына  ушул  алгылыктуу иштерди улай,Аксы районуна  караштуу √34 Н.И.Мешков атындагы жалпы билим беруу  орто мектептин  жамааты  профсоюз  менен биргеликте "Коронавирусту бирге женебиз!"аттуу  ураандын алкагында бир нече  кайрымдуулук  акцияларды уюштуруп,мектептин турмуш шарты оор окуучуларынын ал-абалынан  кабар алышып, кунумдук жашоодо  керектелуучу  азык-тулукторду ( май, чай, шекер, туз, куруч, картошка,сабиз,пияз,макарон,шириндиктер:печенье ж.б. ) жеткирип  кайтышты.Ошондой эле ,мектептеги спонсорлор  тарабынан  алынып берилген   телевизорлордон уйундо  телесабакка катышууга  мумкунчулугу  жок  окуучуларына  алып  барып беришти.Ал эми  башталгыч  классынын  мугалими Г.Усубакунованын  уй-булосу  бир сыналгыны  турмуш  шарты  оор  окуучуга  чын конулдон  беришти.
      Мектептин участкасына караштуу  багар-корору  жок  карылар  да  унутта  калбай, кайрымдуулук  акциясын  улап, мугалимдер  жардамга  муктаж ,жалгыз бой  Давлет энеден  кабар  алышып,анын аз да болсо конулун которууго  салым кошушуп,ала барган  азык-тулукторун  тапшырышып,жакшы каалоо-тилектерин  айтуу  менен узашты.
        Андан сырткары  23-апрель Буткул дуйнолук китеп кунуно карата "Китеп- бардык  кыйынчылыктарды  женуучу  курал" аттуу кайрымдуулук  акция мектебибиздин  китепканачысы М.Ташыбаева  тарабынан  уюштурулуп,китеп сатып алууга  мумкунчулугу  жок окуучуларыбызга  жаны кызыктуу  жомокторду , ыр китептерди , создукторду, тесттерди  таркатышып,балдарыбыздын  билиминин  осушуно  , дуйно  таанымынын  кенейишине  оболго  жаратышты.
        Ошондой эле, Аксы районунун профсоюздук райкомитетинин  торагасы  С.Камчыбеков  тарабынан  биздин  мектептин  кенже кызматкери ,турмуш шарты оор , коп балалуу , жалгыз бой Ж.Тиленбаевага да  кунумдук  жашоосуна   керектелуучу  азык-тулуктор (ун, май, кумшекер,ж.б.) берилди.
      Элибиздеги :"Коп тукурсо,кол  болот",- деген  кептин  чындыгына  дагы бир жолу  ынанып,"Ар бир жаран  кара башты  сайып коюп  эмгектениши,издениши жана талбаган  жаратмандык  табылгалар  менен  оз  омурун  сулуулашы  абзел",- деген акылмандарыбыздын  кептерине моюп, жогорку  педагогикалык жамаат Ата Журтунун,суйуктуу элинин  башына  тушкон  оор кырдаалын  бир аз  да болсо женилдетууго салым  кошуп,оз  омурлорун  сулуулаша  алышты  деп ойлойм.Ал  эми  жардам берилген  окуучулардын  ата-энелери  тарабынан  бул коллективге  бир  нече  ыраазычылыктар  билдирилип, мугалимдердин  бугунку  учурдагы  жаш жеткинчектерге  билим  беруудогу  оор  кырдаалдардан чыгууга   жасаган  далалаттары , талбаган эмгектери  опол тоодой  экендигин  суктануу менен  айтышты.Мен дагы  баланын жан дуйносун   арууланткан , аны бакыт  бешигине  карай жетелеген, кубанычтуу  омур кечируусуно  себеп болгон  кесиптештериме  терен  ыраазычылык  айтуу менен  коомубуз  озунун  келечек  турмушунун   ачкычы мугалимдердин колунда  экендигин   билишерин , жан дуйносу менен  туюшарын ,аларга  болгон  ишеничи  чексиздигин сезишерин  тушундум.Демек, мугалимдер, ылайым  ошол  ишеничтен  айрылбайлы!Биз элибиздин жанында  дайым калканч болуп, озу учун эмес,эли учун куйуп-жанган, жан дуйносу  аккан суудай таза,адеп-ыйманы бекем,оз абийиринин  алдында башты бийик которо алган, чыныгы  мекенчилерди  тарбиялап,олкобузго тартуулап турсак жана  бугунку  кундо  ошондой азаматтарыбыз коп болсо,албетте, азыркы  оор  кыйынчылыктарды,т.а.элибизди  сарсанаага салып,ачык асманыбызды кара булутка каптаткан  коронавирусту  , созсуз, бирге женебиз! 
 
 
 
    Жалал-Абад  облусу,Аксы району,Уч-Коргон айыл аймагы ,√34 Н.И.Мешков  атындагы  жалпы билим беруу  орто мектебинин уюштуруучусу  Б.А.Атакеева.