Председатель

Наши партнеры

Статистика

Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мүсүралиева Бермет

Мүсүралиева Бермет өз кесибин сүйгөн чыгармачыл мугалим. Ал 1981-жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Эмгек стажы 32 жыл. Мектепте усулдук бирикменин жетекчиси болуп көп жылдан бери иштейт. Билим берүүнүн отличниги. Ардак грамотанын эки жолку ээси. Областтык,   шаардык  билим  берүү  тарабынан   бир  нече  жолу грамоталарды, алкыштарды алган. Шаардык деңгээлде ачык сабактарды өтүп турат. Кийинки жети жылдын ичинде анын окуткан окуучулары шаардык олимпиадада алдыңкы орунга татыктуу болуп келе жатат. Анын таланттуу балдар менен иштөөдөгү эмгегин жогору баалоого болот. Мектепте драм кружогун жетектейт. Быйылкы окуу жылында эле кружоктун катышуучулары тарабынан даярдалган  драматург Т.Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасы коюлуп, мектептердин ичинен III орунга ээ болуп, акчалай сыйлыкка татыктуу болушту. Класс жетекичлик милдетти аткарууда окуучулар жана ата-энелер менен үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келет. Коомдук иштерге активдүү катышат. Жамааттын ичинде сыйлуу педагог.