Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарынын кышка даярдыгы жана эмгекти коргоо эрежелеринин сакталышы

Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарынын кышка даярдыгы жана эмгекти коргоо эрежелеринин сакталышы 

 

КРнын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун БКнин 10.10.13 №105 буйрутмасынын негизинде Бишкек шаарынын ЖОЖнун жана жатак-мектептеринин окуу имараттары менен студенттик (окуучулар) жатаканаларында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана жайкы ремонттордун натыйжасы боюнча контролдук текшерүү болду. Анда шаардын 6 (алты) ЖОЖда жана 3 (үч) жатак-мектептерде эмгекти коргоо боюнча контролдук текшерүү жүргүзүлдү. Алгач, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдын чегинде нускамалар каралды. Анда КРнын Эмгек кодексинин 211-беренесине ылайык эмгектин корголушун камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттерине ылайык нускамалардын түзүлүшү, жањыланышы каралды.

         Нускамалар эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу инженерлердин жетектөөсүндө эмгекти коргоо комиссия тарабынан түзүлгөн. Негизинен көзөмөлдөнгөн ЖОЖлар менен жатак мектептердин баарында жалпысынан нускамалар түзүлгөн.

         Ал эми 2013-2014 окуу жылында кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча капиталдык жана учурдагы ремонтторду алсак төмөндөгүдөй:

Жалпысынан бардык эле окуу жайлардын окуу корпустары менен студенттик (окуучулар) жатаканалар учурдагы ремонттон өткөрүлгөн. Жатаканаларды алсак, К. Карасаев атындагы БГУнин, КЭУнин,  Ж.Баласагын атындагы КУУнин №5, №7 жатаканаларында, республикалык №5 Улуттук компьютердик гимназиянын жана республикалык дүлөй балдар интернатынын жатаканаларында кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча учурдагы ремонттору жакшы жолго коюлган. Айрыкча белгилей кетчү нерсе,  жатаканалардан БГУнин 600 орундуу студенттик жатаканасынын жашоо шарты талапка жооп берерлик. Студенттер үчүн бардык ыњгайлуулуктар түзүлгөн. Беш этаждын ар бир этажында экиден кухняларда алты көздүү эки комфорттон электроплита иштейт, комнаталарында кабатталган терезелер, эки эс алуучу бөлмөдө килем төшөлүп, телевизор, 40000 (кырк мињ) сомдук музыкалык аспап, күзгү ж.б. жасалгаланган. Окуу залынын бир бөлмөсү ар кыл жанрдагы китептери менен камсыздалган. Секциядагы 4 бөлмөдө ажаткана, ванна-душ, умывальник ремонттолуп иштөөдө. Андан сырткары жалпы душевая иштейт. Жатаканада талапка ылайык 35 даана ОП-5 атындагы өрт өчүрүүчү баллондору рукавалары менен орундарында жайгашкан.

Ушундай эле жакшы жышаанды КЭУнин студенттик жатаканасынан көрүүгө болот. 120 орундуу жатаканада жылына бир этаждан капиталдык ремонттолуп жатып, азыркы учурда толук капиталдык ремонттон өткөн. Жашоо-шарт үчүн толук шарттар түзүлгөн. Ошондой эле республикалык №5 Улуттук компьютердик гимназия менен дүлөй балдардын жатак мектебинин жатаканаларында окуучулар үчүн толук шарттар түзүлгөн.

         Жогорудагы белгиленген жакшы иштер менен катар кемчиликтер да жок эмес. К. Карасаев атындагы БГУ менен КЭУнен башка университеттерде студенттик жатаканаларында  айнектердин экинчи кабаты толук салына элек. Сан-узелдерге ремонт талап кылынат. Эмгекти коргоо боюнча нускамалар толукталбаган ж. б. Алсак, КГАФКиС (Кыргыз мам. дене-тарбия жана спорт академиясында) №1 жатаканасынын терезе-айнектери кабаттала элек, сан-узели эми гана ремонттолуп жатат. Коменданттын мансаптык нускамасы (должностная инструкция) жана санитардык-гигиеналарды, техникалык коопсуздукту сактоо боюнча студенттердин нускамасы (милдеттери) түзүлбөгөн. Ушундай эле терс көрүнүштү Ж. Баласагын атындагы №9 жатаканадан кездештирүүгө болот. Көзөмөлдүк текшерүү жүргүзгөн ар бир окуу жайдын эмгекти коргоо боюнча жооптуу кызматкерлер менен жеринде канытма (консультация) берилди.

 

БКтин Эмгекти коргоо боюнча

башкы техникалык инспектору                       Т. Ш. Ибраимов