Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине

 

2014-жылдын 21-майында   Ат-Башы  райондук  комитетинин  XXX VI  конференциясы  өтүп райондук комитеттин  жаӊы  төрагасы  шайланды. Төрагалыкка  үч талапкер  коюлуп биринчи  турда К.Мамбеталиев  атындагы орто мектептин директору  К.Керималиев -17, Ой-терскей орто мектебинин  директору Э.Осмонов-15, А.Керимбаев  атындагы орто  мектебинин  директору Б.Аралбаев-11 болуп, 1 калыс  добуш  берилип  төрагалыкка эч кимиси тиешелуу добуш  алышкан жок. Ал эми  экинчи турда  К.Керималиев менен Э.Осмонов чыгып  жыйынтыгында  44  делегаттын  26 делегатынын добушу  менен №1 К.Мамбеталиев орто мектебинин директору  болуп  иштеп  келген  Керималиев Келдибек  Калканович шайланды.

       Конференциянын  ишине  Борбордук  комитеттин  башкы  техникалык  инспектору Ниязбеков  Кубат Ниязбекович, Нарын  облустук  билим берүү  кызматкелеринин профсоюздук координатору Курманкожоев Мукамбеталы  Жунушалиевичтер  катышты.

       Ушундай эле 26-майда  Нарын райондук комитеттин   V конференциясы  болуп иштеп  келген Курманкожоев Мукамбеталы  Жунушалиевич бир  добуштан  кайра  төрагалыкка шайланды. Конференцияга  71 делегат катышып  бардыгы бир  добуштан  макул болушту.

     Мандат комиссиясынын билдирүүсүндө конференцияга Кыргыз  Республикасынын  «Эмгек  сиӊирген мугалими» - 2, Кыргыз  Республикасынын билим берүү отличниги - 13, «Билим жана илим кызматкерлер кыймылынын профсоюзунун  отличниги - 9, жергиликтүү Кеӊештин депутаты - 7 делегат болуп шайланып  келишкен.

       Ал  эми  28 - майда Ак-Талаа  райондук  комитеттин   XII Конференциясы өтүп ага  25 делегат катышып бир  добуштан  мурун райондук  комитеттин төрагасы  болуп иштеп  келген Аскаров Марсбек Аскарович  бир  добуштан  кайра  шайланды. Конференциянын  ишине Нарын  облусунун  координатору М.Ж. Курманкожоев катышты.

 

 

      Нарын  облусунун  координатору:                               М.Курманкожоев