Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин жооптуу кызматкерлери профсоюздун Баткен областынын райшаардык комитеттеринде болду.

Борбордук Комитетин жылдык иш планынын негизинде 10-16-июнь 2013-жылы областын райшаардык профсоюздук комитеттеринин “Эмгек мыйзамдуулун, эмгекти коргоонун жана андан башка ченемдик-укуктук актыларды колдонуу менен социалдык маселерин чечүүдө коомдук көзөмөлдүктү камсыз кылуу иштерине текшерүүлөр болду.

 Андан тышкары Баткен, Лейлек, Кадам-Жай райондорунда, Сүлүктү,Баткен,Кызыл-Кыя шаарларында мектеп директорлору, профкомдун төрагалары, айыл округдардын бухгалтерлери жана райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жогорудагы маселе боюнча окуу-семинарлар өткөрүлдү.

 Семинарда областын райшаардык комитеттеринин социалдык өнөктөштөр менен жүргүзүлгөн иштери, эмгек акынын жана кошумча төлөмдөрдүн  төлөнүшү туурасында көп суроолор берилип, аларга Борбордук Комитеттин жооптуу кызматкерлери тарабынан жооптор берилди.

 КРнын Өкмөтүнүн 12.09.11-жылдагы №541 токтомуна ылайык мугалимдерди жумушка алуу жана бошотууну мектеп директорлоруна берүү укуктарын Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү жаңы окуу жылына чейин толук өткөрүүнү белгиледи.

 

 

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун  Борбордук Комитети