Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Татыктуу эмгек жана аны камсыз кылуу

2022-жылдын 20-21-октябрында Азербайжан республикасынын Баку жана Шуша шаарларында Эл аралык эмгек уюмунун демилгеси менен «Тынчтыктын жана каршы туруунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында татыктуу эмгек жана аны камсыз кылуу» темасында Эл аралык тегерек стол болуп өттү.

Эл аралык маанидеги бул маанилүү иш-чарага бир катар мамлекеттердин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Тегерек стол Эл аралык эмгек уюмунун жана Азербайжан кесиптик бирлик конфедерациясы тарабынан өткөрүлдү.

19-октябрда делегация өкүлдөрүн Азербайжан кесиптик бирлик конфедерациясынын төрагасы, Азербайжан парламентинин депутаты Мохбалиев Саттар кабыл алып, республиканын кесиптик бирлик уюму тарабынан иштөөчүлөрдүн эмгектик укугун коргоо жана татыктуу иш менен камсыз кылуу жаатында кандай иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгы, бул маселеде Эл аралык эмгек уюмунун ролу жөнүндө кеңири айтып берди. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Эл аралык тегерек столго Кыргызстан кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрүн чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана иш-чаранын ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Күн тартибиндеги маселе боюнча жылуу жана иштиктүү ой-пикир алышуулар болуп өттү.

20-21-октябрь күнү Эл аралык тегерек стол Азербайжандын Шуша шаарында уланды. Шуша шаары мындан эки жыл мурда оккупациядан бошотулуп, Азербайжандын карамагына өткөн. Азербайжан кесиптик бирлик конфедерациясынын төрагасынын биринчи орун басары Агиль Дадашев тегерек столдун ишин ачып жатып, Шуша шаары кыска аралыктын ичинде республиканын тарыхый жана маданий борбору катары маанилүү иш-чаралардын чордонуна айланып бара жаткандыгын баса белгиледи.

Эл аралык тегерек столдун катышуучулары – Албания, Сербия, Босния-Герцеговина, Литва, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Португалия республикаларынын кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү күн тартибиндеги маселе боюнча өтө жандуу ой-пикир алышышты, өз мамлекеттериндеги эмгектик укукту коргоо, татыктуу иш менен камсыз кылуу жаатында тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул маселе боюнча эл аралык тилектештикти чыңдоонун жана тажрыйба алмашуунун зарылдыгы Эл аралык эмгек уюмунун ролунун маанисин баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин укугун жана таламын коргоо, ден соолук,эс алуусун уюштуруу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер-тажрыйбалар жөнүндө кеңири айтып, суроолорго жооп берди.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча эмгекти коргоо жана иш менен камсыз кылууну жакшыртуу, кесиптик бирлик уюмдарынын өз ара байланышын чыңдоо жаатында резолюция кабыл алынды.

Эл аралык иш-чаранын катышуучулары Баку жана Шуша шаарларынын тарыхый жана маданий жайлары менен да кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эл аралык тегерек стол иштиктүү, жандуу пикир, тажрыйба алмашуу кырдаалында өттү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети