Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык байланыштарды чыңдоо менен профсоюз уюмдары өркүндөөдө

Таджикстан  Республикасынын билим  берүү  жана  илим  кызматкелеринин профсоюзунун  чакыруусу  менен   23-25-сентябрь күндөрү   Душанбе  шаарында “Консорциум”  долбору  боюнча  эл  аралык   конференцияга  Кыргыз  Республикасынын Билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Борбордук  Комитетинин  төрагасы  Асылбек  Токтогулович  Токтогулов, мен - Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  Исмаилов  Абдукахар  Арапович  болуп катышып  келдик.

Конфернция  “Профсоюз  лидерлерди окутуу боюнча эл  аралык  кызматташтык долбоору-жыйынтыктар  жана келечектеги  өнүгүү” темасында  өткөрүлүп, анда  Эл  аралык  профсоюздук  уюмдардын өкүлдөрү  Сьюзен Флокен,  Роберт Густафсон, Таджикстан  Республикасынын билим  берүү  жана  илим  кызматкелеринин профсоюзунун  Республикалык  комитетинин  төрагасы  Одиназода Рамазон Сафар жана  чакырылган  профсоюздук  лидерлер  катышышты.

Эл  аралык  иш-чарада  профсоюздук  ишмердүүлүк  иш тажрыйбалары  талкууланып, өз-ара пикир  алмашуулар болду.  Катышуучулар жаңы  маалыматтар, профсоюздук  лидерлердин ишмердүүлүгү  жөнүндө  материалдар менен  камсыз болушту.

Кыргыз  Республикасынын Билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Борбордук  Комитетинин  төрагасы  Асылбек  Токтогулович  Токтогулов  Эл  аралык  профсоюздук уюмдардын лидерлери  Сьюзен Флокен,  Роберт Густафсон, Таджикстан  Республикасынын билим  берүү  жана  илим  кызматкелеринин профсоюзунун  Республикалык  комитетинин  төрагасы  Одиназода Рамазон Сафар менен  кызматташтык тууралуу  келечек иштерге макулдашышты. Кыргыз Республикасынын  делегациясы  меймандарга эстелик  белектерин  тапшырышты.

Конференциянын  материалдарын  облустун  профлидерлерине жеткирип,  өз  ишрердүүлугүбүздө пайдаланабыз. Мага конференцияга  катышуу   мүмкүнчүлүгүн берген  Борбордук  Комиеттин  төрагасы  Токтогулов  Асылбек  Токтогуловичке облустук  профлидерлердин жана жеке өзүмдүн атыман  ыраазычылык  билдиремин.

 

Материалды  даярдаган:

Жалал-Абад  обкомунун төрагасы

А.Исмаилов