Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Жалпы билим беруучу мектептерде, жатак-мектептерде жана бала-бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча усулдук

Жалпы билим берүчүү мектептерде, жатак-мектептерде жана бала-бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча усулдук

 

Сунуштама (рекомендация)

 

Эмгекти коргоо боюнча иш берүчүүнүүн негизги милдеттери жана эмгекти коргоодо кесип уюмдары менен түүзүүлүчүү келишимдер:

Кыргыз республикасынын Эмгек кодексинин 6-бөлүүмүүндөгүү эмгекти коргоо жана социалдык өнөктөштүүк боюнча КР нын 2003-жылдын 25-июлундагы № 154 мыйзамынын негизинде жана 2003-жылдын 1-августундагы “Эмгекти коргоо боюнча” КРнын №167 мыйзамдарынын негизинде, билим берү тармактарынын жетекчилерине (директор, окуу бөлүүмүүнүүн башчыларына) төмөнкүү милдеттер жүүктөлөт:

1.  Окуу тармагынын жүүрүүшүүндө эмгекти уюштуруу жана эмгекти коргоо боюнча санитардык-гигиеналык нормаларын жана стандарттарын сактоону камсызкылуу.

2.  Жумушчу орундарын тиешелү техникалык жабдуулар, эмгекти коргоо боюнча укуктук нормативдик актылар менен камсыз болушу.

3.  Жаңы имараттарды, курулуштарды, лабораторияларды, мастерскойлорду, котельный, кочегарларды ж.б. пайдаланууга уруксат берүчүү уюмдардын комиссиялырынын (билим берү органы, санэпидемстанция, мамлекеттик өрт коопсуздугун, мам. Техникалык тескөөчүүсүү) чечимдерин камсыз кылынышы.

4.  Бөөдө (кокусунан) болуучу өндүүрүүштүүк кырсыктарды КРнын Өкмөтүү белгилеген тартипте иликтөө (расследование) жүүргүүзүнүүн жетектелиниши.

5.  Иш берүчүү кызматкерлерге алардын кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан жана иш берүчүүнүүн аймагында да, анын чегинен сырткары да, ошондой эле кызматкердин иштеген келе жатканда же жумуштан кетип бара жатканда иш берүчүү тарабынан берилген транспортто майып болуу, кесиптик ооруга чалдыгуу же ден-соолугуна келтирилген башка зыян (эмгектик мертинү) үүчүүн жоопкерчилик тартаары эскерилет.

6.  Кызматкерлерди кезексиз медициналык текшерүдөн (көрүүнүдөн) өткөрү.

7.  Өрт өчүүрүчүү аспаптарды жана химиялык кислоталарды сактоочу кампалардын коопсуздугун уюштуруу.

8.  Жумуш орундарын эмгектикоргоонун шарттары боюнча аттестациялоону өткөрү.

9.  Кызматкерлерди өндүүрүүштөгүү бөөдө кырсыктардан жана кесиптик ооруга чалдыгуудан милдеттү социалдык камсыздандыруу.

10.Жаңы окуу жылынын башында кабинет башчылары, өндүүрүүштүүк окууда иштегендер, лаборанттар ж.б. менен киришү нускалоосун өткөрү.

 

Нускамалык иш кагаздарын каттонун формасы, төмөнкүүчө:

 

Эмгекти коргоо боюнча нускаманы катто

ЖУРНАЛЫ

 

Нускаманын мөөнөтүү

Нускама алуучунун фамилиясы, аты

Нускама берүчүүнүүн кесиби, кызматы

Нускоочу кайсыл жакка өндүүрүүшкө жиберилет

Нускама берүчүүнүүн фамилиясы, аты

Колу

 

 

 

 

 

 

 

Нускама алуучу

Нускама берүчүү

 

11.  Техникалык коопсуздукту сактоо боюнча окуучулар үүчүүн эсеп-кысап катто

Журналы

 

(лаборатория, мастерская, окуу полигону)

 

Ф.А.

Нускаманын №

Баасы

Окуучунун колу

Нускама берүнүүн датасы

Өткөрүүлгөн убактысы

Кыскача мазмуну

Мугалим-н фамилиясы, аты жана колу

1

2

3

4

5

6

7

8

 Катто журналы мугалимдерде, лабораториянын, мастерскойдун жетекчилеринде сакталат.

12.  Эмгек шарты зыяндуу жана оор жумуштарда иштеген кызматкерлерге мыйзамда каралган учурларда жеңилдиктерди жана компенсацияларды берү (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүүндө” КРнын Мыйзамында каралган №2-тизмесиндеги курагы боюнча пенсия жана пенсиялардын түүрлөрүү, кыскартылган жумуш күүнүү, жогорулатылган өлчөмдө акы төлөө, кошумча өргү, сүүт жана ага тете, тамак аш азыктары жана башкалар).

13.  Билим берү бөлүүмдөрүү менен жергиликтү кесиптик бирлигинин ортолорунда эмгекти коргоо боюнча келишимдер жылына төмөнкүү тиркеме боюнча түүзүүлүсүү зарыл:

 

Эмгекти коргоодогу иш чаралардын аткарылышы боюнча

КЕЛИШИМ

______________________________________________ “______” 200    жыл

                                            мекеменин аты                                                                                                                                                

келишимдин аткарылышы

боюнча отчет жалпы

коллективдик келишимде

жарым жылдык жана жылдык

 болуп каралат.

Биз, төмөндө кесип уюмунун төрагасы (төрайымы)

__________________________________________________________________________

фамилиясы аты

Директор (башчысы) ______________________________________________________

фамилиясы аты

 

мекеменин аты

болуп кесип уюму менен администрациянын ортосунда келишим түүздүүк.

Келишим боюнча 200___жылга төмөнкүү иш-чараларды аткарууга эки тарап милдеттенет.

 

№ к/с

Мекеменин аты

Аткарылуучу иштер

Аткаруу мөөнөтүү

Жооптуу аткаруучу

Аткарылган иштер боюнча белгилер

 

 

 

 

 

 

 

14.  Окуу системасында Эмгекти коргоо боюнча талкуу-отчеттору педагогикалык кеңешмеде угулат.

15.  Эмгек мыйзамдарына ылайык эмгекти боюнча семинарларды уюштурат.

 

 

Билим жана илим кызматкерлер

профсоюзунун Борбордук комитетинин

эмгекти коргоо боюнча башкы тескөөчүүсүү                                           

Т.Ибраимов

 

 

  1. Окуу системасында Эмгекти коргоо боюнча талкуу-отчеттору педагогикалык кеңешмеде угулат.
  2. Эмгек мыйзамдарына ылайык эмгекти боюнча семинарларды уюштурат.

 

 

I.             Жумуш орундарын эмгекти коргоонун шарттары жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча аттестациялоо

 

  1. Жумуш орундарында эмгекти коргоонун шарттарын жана техникалык коопсуздуктун нормаларын сактоо боюнча төмөнкү кесиптегилер эсептелет:
    • от жагуучу операторлор;
    • электриктер;
    • сантехниктер;
    • окуу корпустарын ремонттоочулар;
    • техничкалар;
    • химия, физика кабинет башчылары, лаборанттар;
    • компьютер менен иштөөчүлөр;
    • окуу-өндүрүштүк мастерскойлордо иштөөчүлөр;
    • аскердик-башталгыч предметин берүүчү мугалим;
    • дене-тарбия сабагынын мугалимдери жана ошондой эле жалпы педагогдор менен окуучулар;
    • ашканада  иштегендер;
    • вахтада иштегендер.

Эскертүү: жумуш оруну – кызматкерлер жумушка келип турууга же келүүгө тийиш болгон жана иш берүүчүнүн түздөн-түз же кыйыр көзөмөлүндө болгон жер.

 

  1. Жумуш орундарын аттестациялоодо төмөнкү шарттар берилет:
    • Иштегендер үчүн өндүрүшкө (окууга) зыяндуу же кооптуу таасир этиши болтурбоого же азайтууга, ошондой эле булгануудан коргоого арналган каражаттар менен камсыз болушу.
    • Кызматкерлерди (мугалимдерди) өндүрүштүн же кооптуу факторлору таасир этишин болтурбоого же азайтууга, ошондой эле булгануудан коргоого арналган каражаттар менен камсыз болушу.
    • Жаңы имараттар, курулуштар, лабораториялар, мастерскойлор тиешелүү уюмдардын комиссиясынын (санэпидестанция, мамлекеттик өрт коопсуздугун сактоочу, мамлекеттик техникалык инспекциясы) уруксаатынын негизинде болуусу.
    • Кызматкерлерге санитардык-гигиеналык жана техникалык коопсуздукту сактоого ылайык атайын кийимдердин камсыз болуусу.
    • Химия-физика кабинеттеринин аянттары 66 м. кв., лабораториялары 15 м. кв.

-          кем болбоосу.

-          техникалык коопсуздукту сактоочу нускаманын болушу.

-          кабинеттердин жана лабораториялардын жарык жана жылуу болушу.

-          химия кабинеттеринде суу түтүгү аркылуу муздак жана жылуу суунун болушу

  1.  
    • Кабинеттерде техникалык коопсуздук ченемдеринин сакталышы боюнча каттоочу журналдардын болушу.
    • Химия, физика кабинеттерде апчечкалардын болушу.

Химиялык кабинеттердеги (лаборатория) апчечкалардагы медикаменттердин тизмеси:

-          туурасы 5 см болгон бинт;

-          пахта (вата);

-          медициналык кайчы;

-          күйүккө колдонулуучу мазь;

-          3-5%түү (спирттелген) йод настойкасы;

-          2% бор кислотасынын раствору;

-          нашатырдык спирт;

-          бор вазелини;

-          калий тузу.

Аптечка медициналык пункттун көзөмөлүндө болот.

  1.  
    • Физика кабинетиндеги (лаборатория) аптечкадагы медикаменттердин тизмеси:

-          бинт (3 даана);

-          пахта (2 пакет);

-          жгут (1 даана);

-          1 флакон йод настойкасы;

-          Нашатырдык спирт;

-          2-4%түү бор кислотасы;

-          валидол 1 тюбик;

-          водород перекиси

 

II.          Жалпы билим берүүчү мектептердин кабинеттериндеги техникалык коопсуздук эрежелердин сакталышы боюнча нускама-эрежелердин үлгүсү

 

Информатика кабинетиндеги техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча нускама

1. Жалпы жобо:

1.1. Берилген нускаманын сакталышы информатика сабагынан берген мугалимдер менен        окуучулар үчүн милдеттүү;

1.2. Компьютерди үйрөнүүчүлөрдүн милдеттери:

- компьютердик техникага аяр мамиле кылуу;

- мугалимдин уруксатсыз компьютерди ордунан жылдырбоо;

1.3.  Дисплейдин экранынын жарык менен камсыз болушу керек, мында аны күн нурунун түз түшүшүнөн сактоо зарыл;

1.4. Кабинеттин айнеги ачык түрдөгү штора менен тагылуусу.

 

2. Окуунун башталышында, жүрүшүндө жана бүтүшүндөгү коопсуздуктун сакталышы

2.1. Окуунун башталышындагы окуучулардын милдеттери:

- кабинетке мугалимдердин уруксаты менен кирүү, аппаратурага сүйкөнбөө;

- олтуруучу орун даярдоо;

- мугалимдин уруксатысыз аппаратураны күйгүзбөө (не включать);

- көзү начар көрсө очки тагынуу;

- электр точкасына туташтырууда аяр болуу.

2.2. Сабактын жүрүшүндөгү окуучулардын милдеттери:

- ПЭВМден 50-70 см аралыкта олтургучка түз олтуруу;

- Бир сабакта ПЭВМ менен 20-25 минутадан ашык олтурбоо;

- Ар бир 15 минутада көзгө гимнастика жасоо;

- Техника менен иштөөдө ар бир мүчүлүштөр боюнча мугалимге билдирүү.

2.3. Сабактын жүрүшүндө окуучуларга тыюуу салынат:

- нымдалган кол жана кийим менен иштөөгө;

- мугалимдин көрсөтмөсүнөн сырткары иш аткарбоо;

- өз алдынча экранды которбоо;

- өз алдынча техниканы оңдоого.

2.4. Сабактын аткарылышындагы окуучунун милдеттери:

- аппаратураны булагынан ажыратуу;

- иштөө орундарын иретке келтирип, мугалимдин уруксатысыз чыгып кетпөө.

 

3. Авариялык ситуация пайда болгондогу талаптар:

3.1. Эгерде кандайдыр бир  башка жыт чыкса, аппаратураны өчүрүп, мугалимге кайрылуу керек;

3.2. Аппаратура көрсөтпөй жатса, тезинен мугалимге кайрылуу;

3.3. Кокусунан өрт коркунучу туулса, мугалимдин көз алдындагы кабинеттен чыгуу;

3.4. Кокусунан жеңил мертинүүгө чалдыкса, мугалимге жардамга кайрылуу.

 

 

Физика кабинетинде техникалык коопсуздук эрежелери

 

  1. Мугалимдин көрсөтмөсүн так аткаруу;
  2. Жумуш орундарын мугалимдин уруксатысыз таштап кетпөө;
  3. Материалдарды, приборлорду, куралдарды иш столуна мугалимдин көрсөтмөсү менен ирээттүү коюу;
  4. Ишке киришүүдөн мурда анын маанисин, аткаруу иретин терең окуп үйрөнүү;
  5. Электр чынжырын чогултууда же андагы приборлорду алмаштырууда, оңдоого чынжырды ток булагынан ажыратуу;
  6. Тапшырмага керек болбогон приборлорго тийбөө;
  7. Мугалимдин уруксатысыз ток булагына туташтырбоо;
  8. Өткөргүчтөрдүн толук изоляцияланганына көңүл буруу. Электр чынжырын чогултууда өткөргүчтөрдүн клеммаларын пайдалануу;
  9. Байкоодо жана изилдөөдө, электр чынжыры менен иштөөдө өтө тыкан болуу;
  10. Конденсаторго электр чынжырын ажыратканда да тийбөө керек, разряддоо керек;
  11. Электр приборлорунда чыңалуу байкалса, дароо мугалимге кабарлоо;
  12. Ишти аткарып бүткөндөн кийин, ток булагынан ажыратып, анан электр чынжырын жыйноо.

 

Химия кабинетинде техникалык коопсуздук эрежелери

 

  1. Химиялык заттарды кол менен кармоого, даамын татууга болбойт;
  2. Заттарда кандайдыр бир жыт чыкканы байкалса, аны бетке жакын кармап жыттоого болбойт. Себеби дем алуу органын дүүлүктүрүшү мүмкүн;
  3. Мугалимдин уруксатысыз белгисиз элементтерди кармабоо керек;
  4. Тажрыйба жүргүзүүдө химиялык заттан аз дозасын пайдалануу;
  5. Айрыкча щелочтуу кислоталар менен иштөөдө сак болуу;
  6. Эгер кокусунан кийимге, колго кислота же щелоч тийсе тезинен суу менен жууп салуу;
  7. Ар дайым таза лабораториялык идиш колдонуу;
  8. Заттардын калдыгын кайра таза зат салынган идишке кошпоо;
  9. Газ жылыткыч, спиртовка жана электр жылыткыч менен иштөөдө төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

-  газ жылыткыч менен иштөөдө биринчи ширеңкени күйгүзүп, андан соң газды акырын ачуу керек;

-  күйүп турган спиртовка менен экинчи спиртовканы күйгүзүүгө болбойт. Себеби спирт төгүлүп кетип чоң жалын пайда болушу ыктымал;

-  күйүп турган спиртовканы капкагы менен жаап гана өчүрүү керек;

-  иш убактысы бүткөндө газ кранын жабууну унутпоо.

 

 

Өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш чаралар

 

Өрт коопсуздугун сактоо боюнча нускамалар - мугалимдер бөлмөсүндө, мастерскойлордо жана физика, химия, информатика, эмгек кабинеттеринде болот. Ошондой эле дене-тарбия спорттук залда, актовый залда ж.б. жерде илүүсү керек.

Өрт коопсуздугун сактоо боюнча директордун буйругу менен жооптуу адамдары бекитишет. Өрт коопсуздугу боюнча жооптуу адам кокусунан өрт коркунучу пайда болгондо мугалимдерди, окуучуларды кандай эвакуациялоо боюнча жылына 3-4 жолу окуу-нускамасын өтүү кажет.

Жылына 2-3 жолу директордун кеңешмесинде өрт коопсуздугун сактоо иш чараларынын аткарылышы каралат.

Кокусунан өрт коркунучу пайда болгондогу эстеткичтин үлгүсү:

  1. Тезинен 101 телефон номерине өзүнүн фамилиясын, адресин айтып кабарлоо;
  2. Мектеп жетекчилерине билдирүү;
  3. Мугалимдерди, окуучуларды алып чыгуу эвакуациясын жүргүзүү;
  4. Өрт өчүрүүчү куралдарды пайдалануу.

 

 

 

 

Билим жана илим кызматкерлер

профсоюзунун Борбордук комитетинин

эмгекти коргоо боюнча башкы тескөөчүсү         

Т.Ибраимов

 

Бишкек шаарынын № 49

орто мектебинин директору                                                                                             

Р.Молдакунова