Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Нарын районундагы Билим берүү жана илим кызмткерлер профсоюзунун Борбордук Комитети уюштурган иштиктүү семинар.

Нарын областынын Нарын районундагы мектеп директорлору, профкомдун төрагалары жана айыл округдарынын бухгалтерлери менен 31-январь- 1-февраль  күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №270 31.05.2011-жылдагы “Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча жана Кыргыз Өкмөтүнүн №541 12.09.11-жылдагы “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобосун” турмушка ашыруу боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарга райондун 35 мектеп директорлору, бардык айыл окуругдардын бухгалтерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана 43 профкомдун төрагалары катышты. Семинарда мугалимдердин эмгек акыларын төлөөнүн тууралыгын жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринде өз алдынчалыкты калыптандыруу максатында жогорудагы жобонун 2-бөлүмүнүн 11-пунктун жана 5-бөлүмүнүн 62-63-пунктун жетекчиликке алуу боюнча кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүдө мектеп жетекчилеринин укуктары жана милдеттери тууралуу кеъири сөз болду.

   Семинарда мугалимдерге төлөнүүчү эмгек акылардын төлөнүшү берилүүчү жеъилдиктер турасында жана оорулуу баракчалардын туура төлөнүшү боюнча ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан кадрдык иш кагаздардын жүргүзүлүшү, буйруктардын жазылышы, эмгек китепчелердин толтурулушу, эмгек келишимдердин түзүлүшү жана иш берүүчү тарабынан тартиптик жазалардын берилиши туурасында Профсоюздун Борбордук Комитетинин эмгек акы жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Л.П.Олимпиева жана укук иштери боюнча башкы инспектор Б.Кадыркуловдор тарабынан кенен түшүндүрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө мектеп жетекчилери тарабынан ал туурасында суроо-жооптор менен толукталды. Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич, мектеп директорлору жана айыл округдардын бухгалтерлары тарабынан орчундуу бир катар суроолор берилип, мектеп жетекчилери менен билим берүү уюмунун ортосундагы айрым көйгөйлүү суроолордун мыйзамдуу жооптору берилди.

Мисалы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан тактап айтканда жободо көрсөтүлгөн директордун орун басарларынан, материалдык-жоопкерчиликтүү кызматкерлерден башка социалдык педагогдорду дайындайбы? деген суроосуна социалдык педагогдор мектеп директорлорунун орун басары болуп эсептелинбейт, ошондуктан директор тарабынан гана дайындалат жана райондук билим берүү ьөлүмүнүн сунушу менен директордун орун басарларын директордун макулдугу жок дайындай алабы? деген суроосуна  директордун  орун басарларын дайындоодо сөзсүз  директордун макулдугу талап кылынат деген  так жооптор берилди.

 

 

 

 

         Семинарды өткөргөндөр:                           Л.П.Олимпиева

                                                                                Б.М.Кадыркулов