Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Билим берүү уюмунун (мектеп, жатак- мектеп, мектеп-лицей, гимназия, мектепке чейинки балдар уюму) үч тараптуу макулдашуусуна түшүндүрмө

(ОРУСЧА)

2003-жылдын 25-июлунда кабыл алынган № 154 «Кыргыз Республикасындагы эмгектик мамилелер тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы социалдык өнөктөштөр ортосунда коомдук макулдашууга жетишүү жана экономикалык мамилелер менен байланышкан эмгек мамилелери бөлүгүндөгү социалдык өнөктөштүк механизминин иштешин, уюмдун укуктук негиздерин орнотот.

Эмгектик мамилелер тармагындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздерин КР Конституциясы, КР Эмгек кодекси, «Кесиптик бирикмелери жөнүндө» КР мыйзамы, ушул жогоруда айтылган мыйзам жана эл аралык ченемдерге салыштырмалуу социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын абалдарын начарлатпаган башка ченемдик-укуктук актылар түзөт. «Кыргыз Республикасындагы эмгектик мамилелер тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аракеттениши менчиктеринин түрлөрүнө карабастан бардык иш берүүчүлөргө, бардык уюмдардын бардык кызматкерлерине алардын профсоюзга мүчө болгондуктарына карабастан жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына таратылат.

Ченемдик каржылоодо социалдык өнөктөштүк айыл калкы үчүн билим берүү кызматынын бирдей жетиштүүлүгүнө, билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө өбөлгө болот.

Бул учурда социалдык өнөктөштүктүн тараптары болуп иш берүүчү, профсоюз, айыл өкмөтү саналат, алардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн негизин алар ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуу түзүшү керек.

Мындай макулдашуунун долбоорун мектептин дењгээлинде иштеп чыгууну жана өнөктөштөр (айыл өкмөтү, директор, профком) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү ушул максатта атайын түзүлгөн комиссия аткаруусу  керек. Мындай комиссиянын тутуму тараптардын бирдей өкүлдөрүнөн түзүлөт, б.а. ага социалдык өнөктөштөрдөн бирдей сандагы өкүлдөр киришет.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгы тууралуу кат жүзүндөгү билдирүүлөрдү алышкандан кийин, жети күндүк мөөнөттө сүйлөшүүлөрдү баштоого милдеттүү, тараптардын бири да мыйзамга ылайык жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тарта алышпайт.

Жамааттык сүйлөшүүлөргө жана макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууга катышышкан комиссиянын мүчөлөрү ошол мезгилде жазаланбайт (аларды комиссиянын тутумуна көрсөткөн өнөктөштүн тараптарынын макулдугусуз), иш берүүчүнүн демилгеси менен башка кызматка которулбайт же кызматынан бошотулбайт.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, орду жана тартиби социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

Макулдашууга тараптардын төмөнкү маселелер боюнча өз ара милдеттенмелери киргизилиши мүмкүн: «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» КР мыйзамдарында, республиканын башка ченемдик-укуктук актыларында  аларга каралган эмгек акы, эмгек шарты жана эмгекти коргоо, эс алууну уюштуруу, социалдык жењилдиктерди жана кызматкерлердин кепилдиктерин чечүү, тараптар аныкташкан башка маселелер.       Макулдашууга киргизилген ченемдер (пункттар) аракеттенип жаткан эмгек мыйзамдуулугуна карама-каршы келбеши керек, аларга эмгек мыйзамдуулугу орноткон кызматкерлердин укуктарынын жана кепилдиктеринин дењгээлин төмөндөтүүчү шарттарды киргизүүгө болбойт. Эгер ушундай шарттар макулдашууга киргизилип калса, анда алар колдонулбайт.

Макулдашуунун башкы максаты КР Эмгек кодексинин макулдашуулар же жамааттык келишимдер аркылуу иштегендердин социалдык маселелерин чечүүнү караган бир катар беренелерин (119, 133, 140, 145, 154, 195, 367, 370 ж.б.)       жүзөгө ашыруу болуп саналат, макулдашууларда уюмдун колдо бар каражаттарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен мыйзамдуулукка салыштырмалуу жамааттын бардык же айрым мүчөлөрү үчүн эмгектик, турак жай, коммуналдык кызмат жењилдиктери каралышы мүмкүн.

Жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө жана шарттарга жараша макулдашуунун долбоору толукталышы, өзгөртүлүшү мүмкүн, бирок ченемдик укуктук иш кагаздарын олуттуу өзгөртүүгө жол берилбеши керек. Макулдашуунун ар бир пункту так, мыйзамга таянуусу же андан келип чыгышы, иштегендердин укуктук, эмгектик жана социалдык маселелерин чечүүдө эмгектенүүнүн ыњгайлуу шарттарын түзүүгө, мектептин окуу жана материалдык базасын чыњдоого багытталышы милдет.

Үч тараптуу макулдашуу милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө тийиш, мында ал социалдык өнөктөштүктүн бардык тараптары үчүн өзгөчө ченемдик иш кагаз болуп саналат.

Райондук (шаардык) макулдашуу райондук (шаардык) эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгында, билим берүү уюмунун үч тараптуу макулдашуусу тараптардын бири жайгашкан айыл аймагында катталат.

Макулдашуунун аткарылышына көзөмөл социалдык өнөктөштүктүн тараптары жана комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Билим берүү уюмунун үч тараптуу макулдашуусуна аларды аткаруу максатында КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети менен КР билим берүү жана илим министрлигинин, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмү, райондук (шаардык) профсоюз комитети, райондун акими (шаардын мэри) ортолорунда түзүлгөн макулдашуулардын  пункттары киргизилүүгө тийиш.

Үч тараптуу макулдашуу каттоодон өткөндөн кийин профсоюздук комитет аны жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгат, аларды социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын ар бирине кат жүзүндө жеткирет.

Макулдашууга милдеттүү түрдө тиркемелер тиркелет (Мисалы: эмгектин өзгөчө шарттары боюнча жумушчу орундарын аттестациялоо боюнча комиссиянын тутуму, кызыктыруучу фонду бөлүштүрүү боюнча комиссиянын тутуму, эмгектик талаштар боюнча комиссиянын тутуму, эмгектин зыяндуу шарттары бар жумушчу орундар ж.б.у.с.).

Үч тараптуу макулдашуунун төмөндөгү долбоору каржылоонун жањы түрүнө өтүп жаткандыктарына байланыштуу республиканын билим берүү уюмдары үчүн сунуштама түрүндө иштелип чыкты.

Ошентип, билим берүү уюмунун үч тараптуу макулдашуусун түзүүгө карата төмөнкүдөй уюштуруу иштери жүргүзүлөт:

1. Комиссияны түзүү, социалдык диалог жүргүзүүгө жана макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууга бөлүнүүчү убакытты аныктоо.

2. Сүйлөшүүлөр (социалдык диалог) социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын педагогдордун социалдык жана экономикалык проблемаларын жана аларды чечүүнүн жолдорун аныктоо маселелери боюнча жалпы макулдашууларына жана биргелешкен чечимдерди кабыл алууларына жетишүүгө алып келүүгө тийиш.

3. Комиссия тарабынан үч тараптуу макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу.

4. Үч тараптуу макулдашуунун долбоору жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн милдеттүү түрдө катыштыруу менен билим берүү уюмунун жалпы жамаатынын талкуусуна жана колдоосуна коюлат (профсоюз уюмунун жалпы чогулушунун токтому түзүлөт).

5. Макулдашууга (жалпы жамаат аны колдогондон кийин) бир учурда колдор коюлат жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын (айыл аймагынын башчысы, мектеп директору, профсоюз комитетинин жетекчиси) мөөрлөрү басылат.

6. Макулдашуу айылдык кењеште каттоодон өткөрүлөт. Социалдык өнөктөштүктүн тараптары кол койгондон жана атайын каттоодон өткөндөн кийин үч тараптуу макулдашуу өзгөчө ченемдик иш кагазы статусуна өтөт.

7. Ар жыл сайын макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү профсоюздук чогулушта социалдык өнөктөштүктүн бардык үч тараптарынын өкүлдөрүн катыштыруу менен угулат, тараптардын ар бири алар жооптуу болгон пункттар боюнча жамаатка айтып берет.

 

КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети үч тараптуу макулдашуунун төмөндөгү үлгүсүн тармактын билим берүү уюмдары үч тараптуу макулдашууларды түзүүдө пайдалануулары үчүн сунуштайт.

 

Үлгү

 

Айыл округу, № 4 мектептин администрациясы жана профсоюздук комитети ортосундагы

2013-2015-жылдарга макулдашуу

 

I.        Жалпы жоболор

 

Бул макулдашуу айыл округу, мектептин  иш берүүчүсү, иштегендери  жана  профсоюз комитети ортосундагы укуктук, эмгектик, социалдык жана экономикалык мамилелерди жөнгө салат.

Мындан тышкары, администрация,  айыл округу жана профсоюз комитети мектептин юридикалык тарап статусун алышын, мектептин бардык окуучулары үчүн билим берүү кызматынын бирдей жеткиликтүүлүгүн, ар бир жанга каржылоодо мамлекеттик каржы каражаттарын үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылууга милдеттенишет.

 

II.       Тараптардын кызматташтыгынын негизги багыттары

 

1. Кредиттерди бөлүштүрүүчү катары мектептин директору таанылат.

айыл өкмөтү

2. Календардык жыл үчүн чыгымдардын сметасын түзүүдө мектепке өз алдынчалыкты берүү.

айыл өкмөтү,

директор

3. Мектепте өз алдынча эсепкананы түзүүгө көмөк көрсөтүү.

айыл өкмөтү,

директор

4. Ар жыл сайын балдардын май жана август айларындагы эсебин алуу.                                                                     

директор

профком

5. Мектепке алыскы жана аз сандуу жерлерден окуучуларды ташып келүүнү уюштуруу.                         

 айыл өкмөтү,

директор

6. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучуларына даректүү жардамдарды берүүнү киргизүү. 

айыл өкмөтү

7. Мектептин бош жайларын аларга мектепке чейинки же мектептен тышкаркы балдар мекемелерин жайгаштыруу үчүн берүү.

айыл өкмөтү,

директор

8. КР Эмгек кодексинин 185-190-беренелерине ылайык квалификацияларын жогорулатуу курстарына жиберилген мугалимдердин иш сапар чыгымдарын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөп берүү.                              

                                                                                                  айыл өкмөтү,

директор

9. Мектептин жаш адистеринен турак жайга өтө муктаждарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен ижара акысын төлөөгө жетишүү.

айыл өкмөтү,

директор

10. Айылдагы ээсиз калган жайды ремонттон өткөрүп, жаш адистерге турак жай катары берүү үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү.

айыл өкмөтү,

директор,

профком

11.  Мектептин жаш адистерине чарбалык муктаждыктарын чечип алууга  жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөө жүргүзүүгө каражат табуу.

айыл өкмөтү,

директор

12. КР өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 863 «өзгөчө шарттарда колдонулуучу эмгекке төлөө жөнүндө» токтомуна ылайык эмгектин өзгөчө шарттары (зыяндуу шарттарда) бар иштердин тизмесин түзүү.

профком

13. Комиссия түзүү жана өзгөчө эмгек шарттары бар иштердин мектептеги тизмесине  ылайык аныкталган зыяндуу эмгек шарттары бар жумушчу орундарын ар жыл сайын аттестациялоодон өткөрүү, ал кызматкерлердин эмгек акыларына кошумча төлөөлөрдү аныктоо.

директор

профком

14. Жогорку окуу жайына өз алдынча (багыттамасыз) өткөн кызматкерлерге эгер алар педагогикалык адистикти биринчи жолу алып жатышкан болсо, окуу өргүүлөрүн төлөө.

директор

15. Мектептен алыс жашашкан мугалимдердин жол жүрүү акыларын төлөө.

айыл өкмөтү

16. КР Эмгек кодексинин 169-беренесине ылайык кызматкерлердин түн мезгилиндеги иштери үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөлөрдү жүргүзүү.

айыл өкмөтү,

директор

17. «Мугалимдин статусу жөнүндө» КР мыйзамына ылайык мектептин педагогдоруна коммуналдык чыгымдарды төлөө.

айыл өкмөтү,

профком

18. Кызматкерди кызматка алып жатканда аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими кызматкердин макулдугусуз аныкталган мөөнөткө кайрадан түзүлбөшү керек, анын ичинде жашы боюнча эс алууга чыгып иштеп жаткан ардагерлерге.

директор

19. Жањыдан жумушка алынган кызматкерлерге 5 күндүн ичинде эмгек китепчесин толтуруу.

директор

20. КР Эмгек кодексинин 71-беренесине ылайык мектептин кызматкерлерин бир айдан кем эмес мөөнөттө алардын эмгек акыларынын, иш режиминин, эмгек шарттарынын өзгөрүшү тууралуу эскертүү.

директор

21. Мугалимдин узакка созулган оорусунан же анын узакка созулган эмгек акы төлөнбөгөн өргүүсүнөн башка учурларда окуу жылынын учурунда мектеп жетекчилигинин демилгеси боюнча окуу жылынын башталышында мугалимге коюлган окуу жүктөмүн азайтпоо.

Директор

22. Мугалимдерден башка кызматкерлердин (китепканачы, катчы-машинистка, лаборант, эсепчи, тазалагычтар, кароолчу) жумушчу күн эмес майрам күндөрдүн алдына туш келген жумушчу күнүнүн узактыгы 1 саатка азайтылат.

директор

23. Окуу жылынын ичинде кынтыксыз эмгектенген кызматкерлерге каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен кошумча төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү.

директор,

профком

24. Кызматкерге жазган арызынын негизинде (үй-бүлөлүк шартына жана башка себептерге байланыштуу) бир айдан ашык эмес эмгек акы төлөнбөгөн өргүү берүү.

директор

25. Окуу жылынын ичинде педагогикалык жамаатты алардын иштеринен башка иштерге тартпоо.

айыл өкмөтү,

директор

26. Мугалимдердин эмгек акыларынан КР мыйзамдуулуктарында каралбаган каралбаган кармоолорду алардын кагаз жүзүндөгү макулдуктарысыз жүргүзбөө(«Мугалимдин статусу жөнүндө» КР мыйзамынын 7-беренеси).

директор,

профком

27. ЖОЖ сырттан окуу бөлүмүнө тапшырууну жана педагогикалык билим алууну каалаган кызматкерлерге жолдомо даярдоо.

директор

28. Кызматкер иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча ЖОЖ окуп жаткан болсо, анын окуу өргүүсүн төлөп берүү.

директор

29. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептин 2 (3 же 4) жаш адистерин окутууну төлөп берүү.

айыл өкмөтү,

директор

30. Ар жыл сайын жањы окуу жылынын башталышында ар кыл кесиптеги дарыгерлерди (невропатолог, гинеколог ж.б.) чакыруу менен мугалимдерди терењ медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү уюштуруу.

айыл өкмөтү,

директор

31. Кырсыкка кабылуунун ар бир учурунда «Эмгекти коргоо жөнүндө» КР мыйзамына ылайык аны кесипкөй иликтөө жүргүзүү максатында жогоруда турган профсоюз комитетине маалымдоо, мындай учурда кырсыкка кабылган адамга мыйзамда каралган жөлөкпулду төлөөнү көзөмөлгө алуу.

администрация

профком

32. Окуу жылында бир жолудан кем эмес мектептин кызматкерлерине эмгек акылардын,  алардын кошумча төлөөлөрүнүн жана үстөктөрүнүн чектелишинин  , ооругандыгы тууралуу баракчалардын туура толтурулушунун, оорусу жана төрөтү жана боюнда барлыгы боюнча жөлөкпулдарды төлөөнүн тууралыгын көзөмөлдөө.

профком

33. Окуучулардын олимпиадаларга, спорттук мелдештерге баруулары үчүн унаа чыгымдарын төлөө же унаа бөлүп берүү.

айыл өкмөтү

34. Окуучуларга окуу китептеринин ар бири үчүн  1-дењгээлде 139 сом, 2-дењгээлде 229 сом жана 3-дењгээлде 374 сом өлчөмүндө алардын пайдалануу мөөнөтү 5 жыл экендигин эске алуу менен чыгымдардын айрым бөлүктөрүн төлөөнү колго алуу.

айыл өкмөтү,

директор

35. Ички эмгек тартибинин жана ирээтинин эрежелерин иштеп чыгуу.

директор

профком

 

36. Эмгектик кырсыкка учуроонун (травма, күйүк, суукка алдыруу ж.б.) натыйжасында убактылуу эмгекке жарамсыздыкка кабылган кызматкерлерге өндүрүштө кокусунан кырсыкка кабылгандыгы тууралуу актысы – «өндүрүштөгү кокусунан болгон кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» КР өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 токтому менен бекитилген Н-1 формасы түзүлгөн шартта жөлөкпулду төлөө.

директор,

айыл өкмөтү

профком

37. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кызматкерлердин ден соолуктарын жана курчап турган чөйрөнү коргоого, мектепте эмгектин коопсуз абалын түзүүгө каражаттарды кароо.

директор,

айыл өкмөтү

38. Жањы каржылоо жылына жергиликтүү бюджетти түзүүдө сметада мектептин (мектепке чейинки балдар уюмдарынын) кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөсүн эс алдырууга каражат караштыруу.

айыл өкмөтү,

директор

39. Жергиликтүү бюджеттен мугалимдердин жана окуучулардын маданий-массалык иш чараларын жана спорттук мелдештерин өткөрүүгө, жайкы каникул учурунда эс алууларын уюштурууга каражат бөлүү, булл иш чараларга эмгек акы фондунун 0, 15% кем эмесин караштыруу.

айыл өкмөтү,

директор,

профком

40. Окуу жылынын жарым жылдыгында бир жолу мектеп жамаатына республиканын билим берүү системасында кабыл алынган ченемдик-укуктук иш кагаздары тууралуу баяндама берүү.

профком

 

41. Эмгек акы төлөөнүн кызыктыруучу фондунда мектептин профсоюз комитетинин жетекчисине коомдук иштерин аткаргандыгы үчүн төлөөлөрдү жүргүзүүнү киргизүү.

директор

 

 

 

 

Айыл                                 Мектеп                       Мектеп профкомунун

өкмөтүнүн                          директору                           жетекчиси

башчысы

________________          ______________                    ____________

_______________            __________                                _________

 

Макулдашуу 2013-жылдын 23-июнунда ………… районунун № 4 орто мектеби жайгашкан Арал айыл округунда катталды, каттоо № ……….

 

 

Эскертүү: Билим берүү уюмунда мектептин Уставы, ички эмгек тартип эрежелери менен катар тиешелүү түрдө даярдалган үч тараптуу макулдашуу болууга тийиш (анын үлгүсү жогоруда берилди). 

 

 

Макулдашуунун үлгүсүн сунуштама

катары иштеп чыккан :

БКнын бөлүм башчысы Л.П.Олимпиева