Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Билим берүү тармагы боюнча профсоюздун Борбордук Комитетинин эмгек акылардын төлөнүшү боюнча методикалык колдонмо

1. Суроо:  Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептоонүн шарты мамлекеттин кайсы нормативдик документтери менен аныкталат?

 Жооп:  Республиканын билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары КРнын Өкмөтүнүн 31.05.11-жылдагы №270 “Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндөгү инструкциясын” бекиткен токтомунун негизинде аныкталат.

--

2. Суроо:  Кайсы билим берүү уюмдарында кызматкерлер үчүн сыйлык берүү фондусу каралган?

Жооп:  КРнын Өкмөтүнүн 19.01.11-жылдагы №18 токтомунун негизинде оъдоолор 31.05.11-жылдагы №270 КРнынт Өкмөттүнүн токтомуна киргизилип, 1.05.11-жылдан тартып, республиканын жалпы билим берүү уюмдарында гана шыктандыруучу фонд түзүү каралган.

--

3. Суроо:  Жалпы билим берүүчү уюмдарга кайсы уюмдар кирет?

Жооп:  КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине каралгандай жалпы билим берүү уюмдарына мектептер, лицейлер жана гимназиялар кирет.

--

4. Суроо:  Мугалимдердин жумалык сабак берүү сааттарынын эъ төмөнкү саны эмгек акы төлөөнүн  шартында каралганбы?

Жооп:  Мугалимдердин жумалык саатынын  жүктөмүнүн эъ төмөнкү чеги коюулган эмес. Мугалимдин азыраак жумалык жүктөмгө ээ болсо, көбүрөөк сабактан тышкаркы иштерди берүүгө  болот.

--

5. Суроо:  Мугалимдердин жумасына канча саат сабак берген күндөн баштап анын педагогикалык стажысы эсептелет?

Жооп:  Жумасына 6 сааттан, же жылына 240 сааттан кем болбошу керек.

--

6. Суроо:  Мектепте мугалимдер арасында сааттык жүктөмдөрдү бөлүштүрүү кандай принциптерге негизделген?

Жооп:  Педагогдор арасында сааттардын жүктөмдөрүн  окуу  планындагы сааттардын негизинде бөлүштүрүлөт. Мектептер мугалимдик кадрлардын окуу жүктөмдөрүн жана башка шарттарын камсыз кылуусу керек.

--

7. Суроо:  Каникул мезгилинде жумушка кабыл алынган мугалимдердин эмгек акысы кайсы эсептөөнүн негизинде эсептелет?

Жооп:  Жайкы каникул мезгилинде мугалимдик жумушка кабыл алынганда эмгек акысы  жаъы окуу жылына чейин жумасына 20 сааттан кем эмес эсепте төлөнөт.

--

8. Суроо: Мугалимдерге каникул мезгилдеринде эмгек акы кантип эсетелинет, эгерде ал тетрадь текшербесе жана сабакка даярданбаса ж.б?

Жооп:  Окуучулардын күзгү, кышкы, жазгы жана жайкы каникул мезгилдериндеги иштеген убактары үчүн педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акылары  анын каникул башталганга чейинки тарификацияда коюулган эмгек акысын эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

--

9. Суроо: Жаъы окуу жылында мугалимдер арасында сааттардын жүктөмдөрүн бөлүштүрүү боюнча мектепте ким жооп берет?

Жооп:  Жаъы окуу жылында мугалимдердин окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүү укугу мектептин профсоюздук комитетинин макулдугу боюнча директорго таандык.

--

10. Суроо:  Окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүүнү мектептин профкому менен макулдашуу  деген эмнени түшүндүрөт?

Жооп:  Мектептин профкому тарификациялык баракчага өзүнүн колун эле коюуп койбостон профкомдун атайын заседаниесинде мугалимдер арасында окуу сааттарын бөлүштүрүлүшүн карайт, мисалы, өзгөчө жаш адистердин сабак жүктөмдөрүн, бат-бат ооруган мугалимдерди, иштеген пенсионерлерди жана башка кызматкерлердин эмгек акысына каралуучу бардык кошумча төлөмдөрдү көзөмөлгө алат.

--

11. Суроо:  Жогорку окуу жайларында, атайын орто окуу жайларында окуган жылдары окутуучулардын, тарбиячылардин, мугалимдердин педагогикалык стажысына киреби?

Жооп:  Ооба, эсепке алынат, бирок бир шарт менен жогорку, орто окуу жайын окуганга чейин жана аны бүткөнгө чейин тикелей педагогикалык ишмердүүлүгү болгон учурда эсепке алынат.

--

12.  Суроо:  Мектепке химия мугалим болуп, КРнын УИАсынын илим-изилдөө инситутунун илимий кызматкери кабыл алынды, бул педагогдун УИАсында анын иштеген жылдары педагогикалык стажга кошулабы?

Жооп:  Ооба, кирет  эгерде мектептеги сабак берген предмети иштеген кесиби боюнча келген учурларда.

--

13.  Суроо:  Физкультура мугалимине анын спорт боюнча тренер болуп иштеген мезгилдери педагогикалык иш стажысына киреби?

Жооп:  Физкультура мугалиминин педагогикалык иш стажысына анын спорт боюнча окутуучу-тренер болуп иштеген мезгилдери кирет, бирок спорт боюнча тренерлик кирбейт.

--

14.  Суроо: Башталгыч аскердик даярдык боюнча мугалимдин педагогикалык иш стажысына анын аскердик кызмат өтөгөн мезгили киреби?

Жооп: Башталгыч аскердик даярдык боюнча мугалимдин педагогикалык иш стажысына анын аскерде кызмат өтөгөн мезгилдериндеги  (анын ичинен ички иштер органдарында, улуттук коопсуздук органдарынын войскаларында) мичман, пропоршик, улук ,сержанттык жана офицердик  кызматтары кирет. 

--

15.  Суроо:  Мугалим-дефектологдун, логопеддин, сурдопедагогдун, тарбиячылардын жана мугалимдердин педагогикалык иш стажысына клиникаларда, поликлиникаларда, больницаларда, балдар үчүн палаталарда жана бөлүмдөрдө анын иштеген мезгилдери киреби?

Жооп:  Ооба, эсепке алынат, бирок алардын педагогикалык иштерди аткарган убактагы айлары гана кирет.

--

16.  Суроо:  Ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген кызматкерлердин билим берүү уюмдарында сабак берип, коштоп иштеген шартта анын ошол мектепте иштеген убактысы педагогикалык стажысына киреби?

Жооп:  Ооба, кирет бирок, эгерде анын окуу жүктөмүнүн көлөмү жылына 240 сааттан кем эмес болгондо.

--

17.  Суроо:  Мектепте педагогикалык ишти жетектеген ишкананын кызматкерине толук окуу жылы педагогикалык иш стажсына кошулабы?

Жооп:  Жок, педагогикалык иштерди аткарган гана айлары кошулат.

--

18.  Суроо:  Коштоп иштегендердин (совместительство) айкалыштырып иштегендерден мүнөзү боюнча кандай айырмаланат?

Жооп:  Коштоп иштегендердин аткарган жумушу өзүнүн негизги иштеген жумушунан тышкаркы бош убактысында эмгек келишимдин шартында ай сайын айлык акы алып жумуш аткарат. Айкалыштырып жумуш аткаруу ошол эле иш берүүчү тарабынан өзүнүн негизги жумушуна кошумча башка адисти, кесипти жана кызматты бере алат. Мындай учурда кызматкердин жумуш күнүнүн узактыгы көбөйбөйт.

--

19.  Суроо:  Коштоп иштеген шартта адамдарды жумушка кабыл алаарда буйрук жазуу талап кылынабы?

Жооп:   Коштоп иштеген адамдарды жумушка кабыл алууда ЭКнин 55-беренесинин 2-пунктуна ылайык мөөнөтүү эмгек келишими түзүлөт же эч болбосо коштоп иштегендиги боюнча жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгуусу керек

--

20.  Суроо: Эгерде кызматкерди өзүнүн негизги кызматынан тышкары айкалыштырып иштөө шартында башка жумушту аткарууда буйрук чыгуусу сөзсүзбү?

Жооп:  Ооба,сөзсүз.

--

21.  Суроо:Мугалимдердин стажысынын айын жылын тарификацияга көрсөтүп жазылышы керекпи?

Жооп: Ооба сөзсүз жазылышы керек. Мугалимдердин педагогикалык стажысы үчүн кошумча төлөмдордун көбөйүү укугу окуу жылдын ичинде келиши мүмкүн. Ошондуктан окуу жылдын башында тарификацияга пед. стажысы так көрсөтүлүп жазылышы керек. Мисалы, 4 жыл 4 ай, 9 жыл 5 ай.  Бул пед. стажга төлөмдөрдүн жогорулашы максаттуу түрдө өз убагында төлөнүшү кажет. Мугалимдердин пед. стаж үчүн төлөмдөрдүн жогорулашын кийинки окуу жылга калтырууга болбойт. Бул мыйзамды бузуу болуп  саналат.

--

22.  Суроо: Мектеп жетекчилиги окуу жылдын ичинде мугалимдердин макулдугу жок окуу жүктөмдөрүн азайтууга укугу барбы?

Жооп:  Мугалимдер арасында окуу жүктөмдөрүн инструкцияга ылайык окуу жылдын башында профкомдун макулдугу менен бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары эрежеге ылайык райшаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы комиссия тарабынан текшерилип, андан кийин билим берүү уюмунун жетекчиси  тарабынан бекитилет. Мындай учурда мугалимдин окуу жүктөмдөрүн ар кандай негиздер менен мектеп жетекчилиги окуу жылдын ичинде азайтууга укугу жок. Бул учурда мектептин профкому териштирип, болгон окуя боюнча чечим кабыл алуусу зарыл.

--

23.  Суроо: Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысына кандай кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар коюулган?

Жооп: Республиканын билим берүү уюмдарындагы кызматкерлеринин эмгек акыларына жумуштун өзгөчө шарттары үчүн төмөндөгүдөй кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар коюулган: алыскы жана тоолуу райондордогу иш стажыга,ардактуу наамдарга, “улуттук” өзгөчө наамдарга (статус), педагогикалык иш стажыга, айыл жерде иштегендерге, илимий наамдарга, түнкү иштеген сааттарга. (майрам күндөрү) ж.б.

--

24.   Суроо: “Эмгек сиъирген” жана “эл мугалими” ардактуу наамдарга ээ болгон мугалимге кошумча төлөмдөр кандай төлөнөт?

Жооп:  Мындай учурда кызматкердин каалосу боюнча ардактуу наамдардын бирөөнө  кошумча төлөм жүргүзүлөт.

--

25.  Суроо:  Эгерде мугалим илимдин кандитаты же илимдин доктору наамдарына ээ болсо, бирок жумалык жүктөмү 16 саат менен гана иштесе , анда илимий даражасы үчүн кошумча төлөмдөр ага кандай өлчөмдө төлөнүшү керек?

Жооп:  Илимий даражасы үчүн мугалимдин  эмгек акысына кошумча төлөмдүн берилиши анын саатынын көлөмүнүн педагогикалык  жүктөмүнө көз каранды эмес.

--

26.  Суроо:  Коштоп иштөө шартында мекемеде иштеген мугалимге илимий даражасы үчүн кошумча төлөмдөр төлөнөбү?

Жооп:  Жок, төлөнбөйт. 

--

27.  Суроо:  Эгерде мугалим башка мектепте коштоп иштөө шартында иштеген болсо пед. стаж үчүн кошумча төлөмдөр  төлөнөбү?

Жооп: Ооба, төлөнөт эгерде мугалимдин окуу жүктөмү негизги иштеген жерде жана коштоп иштеген жерде баардыгы болуп 32 сааттан ашпаса.   

--

28.  Суроо:  Кыргыз жана орус тилдерин окуткандар үчүн 15% кошумча төлөмдөр мугалимдердин ишинин кайсы түрүнө колдонулат?

Жооп:  Окутуу иши үчүн сааттар боюнча эмгек акысынын өлчөмү15% га жогорулатылыт.

-- 

29.  Суроо: Билим берүү тармагында өзгөчө шарттагы эмгек жумуштун кайсы түрлөрүнө таандык?

 Жооп: КРнын Өкмөтүнүн 25.03.02-жылдагы №161 токтомуна байланыштуу жаъы чыккан КРнын Өкмөтүнүн 19.12.06-жылдагы №863 “Өзгөчө шарттарга колдонулуучу эмгек акылар жөнүндө” токтомунда билим берүү тармагында өзгөчө шарттар менен иштегендердин тизмеси бекитилген. Мисалы, медициналык кортундуга ылайык келген өз алдынча үйүндө окуткан оорулуу балдарга байланышкан иштер.

--

30.  Суроо: Атайын балдардын мектепке чейинки уюмдарынын атайын мектеп-интернаттардын кайсы кызматкерлеринин эмгек акысына зыяндуу шарттагы жумуштары үчүн 15% өлчөмүндө төлөнүп берилет?

Жооп:  Балдар үйлөрүнүн, атайын мектеп-интернаттардын жана акылында жана ден соолугунда (физический) кемчилдиги бар балдар үчүн атайын мектепке чейинки уюмдардын педагогдорунан башка бардык кызматкерлерине өзгөчө шарттагы жумуштар үчүн 15% кошумча төлөмдөр жүргүзүлөт. Жогорудагы уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине башка деъгээлдеги кошумча төлөмдөр коюулган.

--

31.Суроо: Эмгек акысына кошумча акы жана үстөктөрдүн кандай түрлөрү төлөнөт?

Жооп:  Кыргыз Өкмөтүнүн 1.09.01-жылдагы №504 токтомунда эмгек акысына карата сыйлоонун тизмеси бекитилген. Сыйлык берүү жана акчалай сыйлоо  дайыма же мезгилдүү мүнөздө жүргүзүлүп, эмгек акыларды берүү тармагында мындай  тизме каралган.

--

32. Суроо: Жалпы билим берүүчү мектептерде балдар менен иштеген мектептен жана класстан тышкаркы уюштуруучулардын жана аскерге даярдыктын жетекчилеринин кызматтык айлык акыларын кайсы окуучулардын санын эсепке алат?

Жооп: Көрсөтүлгөн кызматтардын айлык акыларын жалпы 1-11-класстардын санын эсепке алуу менен аныкталат.

--

33. Суроо: Окуу иштери боюнча директордун орун басары, эгерде ал 0,5 ставка менен иштесе анда  иштегендиги үчүн кошумча акы негизги кызматы боюнча кантип эсептелинет?

Жооп:  Айыл жеринде иштегендер үчүн кошумча акы толук эмес ставкада иштеген жетекчилер үчүн сабак өткөн сааттарына жана кызматтык эмгек акыларына эсептелинет. Кошумча төлөмдөрдүн жалпы суммасы айына 1000 сомдон ашпоосу керек.

--

34. Суроо: Мектеп жетекчилерине алыскы жана тоолуу шарттарда иштегендеги стажысы үчүн кошумча төлөмдөр кантип эсептелинет?

Жооп:Алыскы жана тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн  стажга кошумча төлөмдөр “инструкцияга” ылайык жетекчилер үчүн кызматтык айлык акыга, ал эми педагогикалык кызматкерлерге 32 сааттан ашык эмес өлчөмдө эсептелинет.  

--

35. Суроо: Эгерде мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча уюштуруучусу 0,5 ставкада жана 19 саат сабак берип иштесе тоолуу шартта иштегендиги үчүн стажыга кошумча акы кантип эсептелинет?

Жооп:  Алыскы жана тоолуу жерде  уюштуруучу  болуп 0,5 ставкада иштегендигине байланыштуу 0,5 ставкадагы кызматтык айлыкка эсептелинет жана 19 саат үчүн сабак бергендиги, сабакка даярдануу жана сабактан тышкаркы иштер ошондой эле педагогдорго төлөнүүчү тоолуу шарттагы иш стажысы үчүн 32 саатка эсептелинген сабак берүү, даярдануу жана сабактан тышкаркы иштерге төлөнүүчү шарттар, мындай учурда  19 саатган алынат.

--

36. Суроо:  Убактылуу ооруп жаткан мугалимдин сааттары алмаштырылып, башка  мугалимге берген сааттардын тетрадь текшерүү, сабакка даярдануу иштерине сааттар аныкталып, төлөнүп берилеби?

Жооп:  Ооба, аныкталат, төлөнүп берилет.

--

37. Суроо:  Мектептеги педагогикалык иштерди жетектегендерге, лобаранттарга, библиотекарларга окуу-методикалык иштердин эки сааты каралганбы?

Жооп:  Жетекчилерге жана башка окутуу-көмөкчу жана чарбалык-жетекчиликте иштеген кызматкерлердин ичинен жумасына 6 саат сабак берсе, бул максатта сабак берүү жүктөмү жумасына 6 сааттан  ашкандардын баардыгына  2 саат бөлүнөт.

--

38. Суроо:  Кыргыз Өкмөтүнүн 30.09.95-жылдагы №404 токтомунун  негизинде мектеп-лицейлерде, мектеп-гимназияларда кружокторду, клубдарды, студияларды  уюштуруу үчүн кошумча ставкалар каралганбы. Мектеп-лицейлерде, мектеп- гимназияларда көрсөтүлгөн сааттар мектептин аныкталган сааттары болуп эсептелеби?

Жооп:  Мектептерге таандык кошумча кызмат көрсөтүү, кесиптик багытын аныктаган тандоо жолу менен предметтик курстар уюмдун  негизги жалпы  жыйындысын түзөт. .   Ошого байланыштуу лицей, гимназияларда уюшулган кружоктор КРнын Өкмөтүнүн . . 30.09.05-жылдагы №404 токтомуна ылайык 4500 сом суммасында төлөнөт жана      . . .  мектептин компонентине кирет.

--

39. Суроо:  Башталгыч аскердик даярдык боюнча жетекчиси кызматтык айлык акысынан сырткары жалпы билим берүүчү мектептерде канча саат педагогикалык жүктөм бере алат?

Жооп:  кызматтык айлык акыдагы аталган жетекчи жалпы билим берүүчү мектептерде      эгерде ал толук ставкада айлык акы алса жумасына 12 сааттан берүүгө болот, эгерде     0,5 ставка кызматта  иштесе жумасына 18 саатан ашпоосу керек.

--

40. Суроо:  Кайсы класстан баштап мектеп-гимназиялардын окутуунун гимназиялык курсуна өтө алат?

Жооп:  Окутуунун гимназиялык курстарына 5-класстан башталат.

--

41. Суроо:  жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын мектеп-лицейлерине кайсы класстан баштап кабылалат?

Жооп:  Жалпы билим берүүчү мектептеринин 7-класстарын ийгиликтүү аяктаган окуучуларын мектеп-лицейине кабыл алынат.

--

42. Суроо: Эгерде интернат-лицейде, интернат-гимназияда иштеген тарбиячыларынын эмгек акыларына 1,15 жана 1,20 коеффиценти колодонулабы?

Жооп:  Мектеп-лицейлеринде, мектеп-гимназияларындагы тарбиячылардын сааттарынын айлык акысына көрсөтүлгөн коеффиценттер, эгерде алар мектеп-гимназиялардын же мектеп-лицейлердин окуучулары менен иштесе гана колдонулат.

 --

43. Суроо:  КРнын Президентинин 30.08.07-жылдагы №390 “Балдарды коргоо жана жардам берүү жөнүндө” Указынын негизинде өзгөчө шарттагы иштери үчүн балдар үйүндөгү, мектеп-интернаттардын кызматкерлеринин эмгек акыларына 10% көбөйтүлгөн бардык кошумча төлөмдөр күчүндөбү?

Жооп:  Ооба, 1-январь 2008-жылдан бери күчүндө. 1-май 2011-жылдагы билим берүү тармагындагы эмгек акылардын өзгөргөндүгүнө карабастан, бул кошумча төлөмдөр өзгөчө эмгек шарттары үчүн бардык аталыштагы  жана мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн  бардык кызматкерлерине КРнын Президентинин №390 30.08.07-жылдагы “Балдарды коргоо жана жардам берүү жөнүндөгү” Указына ылайык колдонулат.

--

44. Суроо:  Мектептеги директордун окуу тарбия иштери боюнча эки орун басарынын кызматтык айлык акысынын өлчөмү кантип коюулат?

Жооп:  Мектепте директордун окуу иштери боюнча орун басарынын бирден ашык коюулган  кызматынын айлык акысынын өлчөмү экөөнүн бирөөсүнө мектептеги окуучулардын жалпы санына карата коюулат, ал эми башкасына анын тейлеген класстарынын санынан алынып коюулат.

--

45. Суроо:  Кызматкердин өлгөндүгүнө байланыштуу албай калган эмгек акысы берилеби?

Жооп:  Ооба, эмгек акысы берилет, өлгөн күнүнө чейинки албай калган эмгек акысы анын үй-бүлө мүчөсүнө же анын багуусундагы адамга иш берүүчүгө талап кылынган документи берген күндөн бир жума кечиктирбей берилет.

--

46. Суроо:  Эгерде кызматкерге кандайдыр себептен улам эмгек акысы ашыкча төлөнүп калды, мындай учурда ашык алынган сумма кармалабы?

Жооп:  Иш берүүчүлөр кызматкердин  эмгек акысына ашыкча төлөнгөндө анын ичинен мыйзамдар туура эмес колдонулса андан  эсептөөдөн ката кетиргендигине карабастан кармалбайт.
  Бирок, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кармоого болот. Мындай учурда ар бир төлөнгөн эмгек акыдан кармоонун жалпы өлчөмү 20% дан ашпоого тийиш.

--

47. Суроо:  Эгерде мугалим болуп көп жылдан бери иштейт, бирок дипломунда Бишкектеги курулуш техникумун бүткөн, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү сааттардын төлөмдөрү ага эсептөө кандай жүргүзүлөт?

Жооп:  Эгерде мугалимге педагогикалык ишмердүүлүктө иштегенге укук берилген сертификатына ээ болсо, анда анын педагогикалык ишиндеги сааттарынын төлөмдөрү мындай учурда атайын орто билимдин эсебинде жүргүзүлөт.

 

 
 
 
Түзгөндөр:                     Л.П.Олимпиева      Б.М.Кадыркулов.