Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жумабеков Кылычбек Токтоналиевич

Жумабеков Кылычбек Токтоналиевич

 

 Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы жана тармактык профсоюзу орду толгус оор жоготууга   учурады. 2020-жылдын 8-сентябрында билим берүүнүн мыкты уюштуруучусу жана жетекчиси, коомдук   ишмер, “Билим берүүнүн отличниги” жана “Билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын   отличниги”, Ысык-Көл областынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Тоң райондук   комитетинин төрагасы Жумабеков Кылычбек Токтоналиевич 60 жашка караган курагында дүйнөдөн   кайтты.

 Ал 1961-жылы 11-июнда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. СССРдин   50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин кыргыз тили жана адабияты адистиги   боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1987-1988-жылдары Кемин районундагы Бейшеке атындагы орто   мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1988-1994-жылдары Тоң районунун алыскы Арчалы   орто мектебинде, 1994-2002-жылдары ошол эле райондун Ж.Айтикеев атындагы Көл-Төр орто   мектебинде мугалим, 2002-2015-жылдары бул мектептин директору болуп иштеген. Ал 1997-2002 \-   жылдары Көл-Төр орто мектебинде мугалим болуп иштеп жаткан учурунда мектептин профсоюз   уюмунун төрагасы кызматын биргеликте аткарган.

 К.Т.Жумабеков 2015-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин билим берүү жана илим   кызматкерлеринин профсоюзунун Тоң райондук комитетинин төрагасы болуп иштеп келди.

Ал мектеп директору болгон кезинде анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көп эмгек жумшаган. Мектептин айлана-тегерегин тостуруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин алып барган, окуучулардын билим сапатына башкы көңүл бурууну колго алган, мугалимдердин турмуш шарттарын жакшыртууга зор көңүл бурган.

Кылычбек Токтоналиевич райондук комитетти башкарып турганда Тоң аймагынын мектептеринин жана балдар бакчаларынын кызматкерлеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоонун башында туруу менен бир катар алгылыктуу иштерди аткарууга жетишкен. Ар бир билим берүү уюмунда профсоюздук бөлмөлөрдүн жана бурчтардын болушуна айрыкча көңүл бурган. Профсоюз уюмдарынын иш кагаздарынын топтолушун, жүргүзүлүшүн жана аткарылышын ирээтке келтире алган.

Аларды берүү мекемелери жана бала бакчалар үчүн тиешелүү нускамалар менен камсыз кылган.

К.Т. Жумабеков коомдук иштерге активдүү катышкан ишмер да болгон. Ал 2004-2008-жылдары Тоң райондук Кеңешинин, 2008-2012-жылдары Көл-Төр айылдык Кеңешинин депутаты жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасы болгон.

Ал көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Көл-Төр айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук, облустук мамлекеттик администрациялардын, КР дене тарбия спорт комитетинин, КР билим берүү жана илим министрлигинин, КР коргоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага 2007-жылы Тоң району боюнча “Жылдын мыкты директору” ардак наамы ыйгарылган. “Билим берүүнүн отличниги” жана “Билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгилеринин ээси болгон. К.Т.Жумабеков Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 30-июндагы чечими менен “Тоң районунун Ардактуу атуулу” Ардак наамына татыган.

Ал ардактуу ата да боло алды, жубайы экөө 2 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялашты.

Кылычбек Токтоналиевич Жумабеков жөнүндө эстелик Тоң элинин, ал аймактын Көл-Төр айылынын жашоочуларынын, Ысык-Көл областынын билим берүү тармагынын кызматкерлеринин, тармактык профсоюздун зор активинин эсинде түбөлүккө сакталат.

 

КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери, Ысык-Көл областынын тармактык профсоюздук активи, Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын эмгек жамааты, райондун жалпы мугалимдери мыкты уюштуруучу жана профсоюздук лидер, коомдук ишмер, чыгаан педагог, ардактуу ата Кылычбек Токтоналиевичтин бул жарык дүйнө менен түбөлүк кош айтышкандыгына байланыштуу өмүрлүк жарына, үй-бүлөсүнө, балдарына, кыздарына, тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар! Кесиптешибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!