Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы менен райондук профсоюз комитетинин биргелешкен иши

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2019-жылдын бюджетин бекитүүгө карата райондогу айыл өкмөттөр менен иш жүргүзүүнү баштады. Биринчилерден болуп Чүй облусунун Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтүнүн алкагында жолугушуу уюштурулду. Аталган айыл өкмөтүндө 2 мектеп, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Анда бардыгы 56 педагогикалык кызматкерлер жана 21 техникалык кызматкерлер иштешет.

Негизги максат жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы, жергиликтүү кенеш менен 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 32 –беренесин, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамынын 7,8,11-беренелеринин аткарылышын камсыздоо болуп саналды.

Отурумга райондук профсоюз комитети, айыл башчысы, айылдык кеӊештин депутаттары, мектептин камкорчулар кенеши, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси, билим берүү мекемесинин директорлору жана профкомдору  катышышты.

Каралуучу маселе билим беруу кызматкерлерин социалдык жактан колдоо, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо, билим сапатын көтөрүүгө карата иштерди күчөтүү  болуп саналды.

Отурумдун башында Дөӊ-Арык айылындагы Калча атындагы мектептин директору мектептин окуучуларынын концерттик номерлери көрсөтүп келген конокторго жылуу маанай тартуулады. Андан кийин билим берүү мекемелеринин директорлору мектептин турумушу боюнча слайд менен тааныштырышты.

Райондук профсоюз комитетинин торагасы С.Наматов билим берүү кызматкерлеринин  жашоо турмушу, эмгек акылары боюнча маалымат берип айыл өкмөтү менен айылдык кенештин депуттатарына “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 32 –беренесин, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамынын 7,8,11-беренелеринин аткаруу боюнча материалдар менен тааныштырды.

Райондук билим берүү бөлүмү билим берүү мекемелеринин республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттары боюнча маселеге токтолду.

Мектептин камкорчулар кеӊеши билим берүүнүн сапатын арттырууга карата көмок көрсөтүүгө карата өз ойлорун билдиришти.

Отурумда билдирүүлөр менен бирге айтылган сунуштар боюнча ар бир тарап өз ойлорун билдиришип жыйынтыгында айыл өкмөтү жана жергиликтүү кенештин депутаттары 2019-жылы билим берүү мекемелерин ар тараптан колдоого алуусу керектиги боюнча чечим кабыл алынып  жыйынды жабышты.

 

Материалды даярдаган Наматов Саматбек