Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАЗ МАЙРАМЫНЫЗДАР МЕНЕН!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан билим берүү жана илим тармактарында эмгектенип жатышкан бардык айымдарды жаркыраган жаз майрамы-8-март-Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаймын!

Аялзатына эне катары болгон мамиле эзелтеден эле өтө ыйык болгон, айрыкча акылы тунук, баатыр, мекенчил аялдар ардакталып келген.  Айта кетүүбүз керек,  20­-кылымда аялдар азаттыгы маселеси алдыңкы планга чыккан. 1910-­жылы Копангагенде өткөн социалист аялдардын 2-конференциясында К.Цеткиндин сунушу менен экономикалык, социалдык жана саясый тең укуктуулук үчүн күрөштө Аялдардын тилектештик күнү – 8­-Март - аялдардын эл аралык күнү катары киргизилген. Ошондон тартып бул күн бүт дүйнө жүзүндө зор салтанат менен белгиленип келе жатат.

Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон баштап аялдар маселеси алдыңкы планда туруп келет. 1996­-жыл өлкөдө Аялдар жылы деп жарыяланган. Улуттук “Аялзат” программасы иштелип чыккан. “Баатыр эне”, “Кутман эне”, “Энелик даңк” орден-­медалдары мамлекеттик сыйлык катары берилет.  Бизде  бир катар абройлуу уюмдар аялдар маселелерин көтөрүү менен иш жүргүзүшүүдө. 

Биздин билим берүү жана илим тармактарында эмгектенгендердин көпчүлүк бөлүгүн ардактуу аялдар түзүшөт, алар келечек муундарды тарбыялоодо жана окутууда бараандуу салым кошуп келишүүдө. Борбордук Комитет мугалим жана илимпоз аялзатынын татыктуу эмгек акы алуулары, ойдогудай шарттардагы иш орундарында эмгектенүүлөрү, ден соолуктарын талаптагыдай чыңдоолору үчүн ар дайым камкордук көрүп келет жана келе бермекчи.

Ардактуу кесиптеш айымдар! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, иштердеги ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө бакты-таалайды каалайм!

 

                                  Төрага                                                                                              А.Токтогулов

 

 

 

 

 

Милые женщины!
От имени Центрального Комитета профсоюза работников

образования и науки Кыргызской Республики

и от себя лично поздравляю вас с Международным женским днём!

8 Марта – особенный праздник. Этот весенний день наполнен теплом и любовью, чувством признательности женщине – хранительнице семейного очага, нашим мамам, бабушкам и коллегам!

Наши женщины — украшение и гордость нашего Профсоюза! Вы умеете противостоять трудностям и достигать отличных результатов в своей работе. Спасибо вам за трудолюбие и мудрость, за великую способность делать мир добрее и благороднее!

Желаю вам здоровья, любви, уверенности, успехов в работе, счастья и семейного благополучия!

 

 

Председатель                                                                                    А.Токтогулов