Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаңы жылыңыздар менен

Урматтуу кесиптештер!

Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрүнүн, аппаратынын кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан тармактык профсоюзубуздун бардык мүчөлөрүн, коомдук уюмубуздун ардактуу эс алуудагы ардагерлерин жана социалдык өнөктөштөрүбүздү жаркырап кирип келген Жаңы жыл майрамы менен ак дилимден куттуктаймын!

Өтүп бараткан 2021-жыл биздин профсоюзубуз гана эмес, бүтүндөй дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Ата Мекенибиз болгон Кыргызстан үчүн саясий, экономикалык жана социалдык оор проблемаларды чечүүнүн жылы катары тарыхта калаары шексиз. Бардык жерлердегидей эле COVID-19 илдети менен күрөшүү күн тартибинен алынып салына элек,  ошентсе да азыркы окуу жылынын башталышынан тартып биздин мектептер, балдар бакчалары, жогорку жана атайын орто окуу жайларыбыз кайрадан демейдегидей иштөөгө өтүү менен өз ишмердиктерин ырааттуу жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетүүбүз абзел. Ушундай  оор кырдаалда аралыктан иштөөнүн кыйынчылыктарына моюн сунбастан  өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарууну үзгүлтүксүз жүргүзүшүп, профсоюз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо менен катар пандемиянын кесепетинен жабыркашкан кесиптештерибизге ар кандай материалдык жана моралдык жардамдарды беришкен кызматкерлерибизге зор ыраазычылык билдирип кетким келет.

Жаңы жыл - чынында эле жалпы элдик майрам. Салтка айланып калган бул майрамды абдан күтөбүз, ага мыктылап даярданабыз, эң башкысы – жаңырган жылда мурдагыдан жакшылыктар көп, иштерибиз ийгиликтүү, жеңиштер арбын болот деген зор үмүттөр ар бирибиздин дилибизде терең уялайт. Урматтуу кесиптештер, алдыдагы келе турган жылыбыз өткөн жылдагы бардык кыйынчылыктарды жана проблемаларды артка калтырып, өнүгүп-өсүүнүн жана жаңыруунун жаңы барактарын ачсын, биздин ар бирибизге жана тармактык профсоюзубузга жаңы максаттарды алдыга коюу менен аларды аткарууга албан күч-кайрат берсин, профсоюз мүчөлөрүбүздүн жашоолорун жакшыртууга багытталган иштерибизди ийгилик коштосун, профсоюзубуздун биримдиги бекем жана түбөлүктүү болсун!

Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм, бул унутулгус майрамды Сиздер өтө жакын адамдарыңыздар – үй-бүлөңүздөр менен бирге жайылган кенен дасторкондун чекесинде жаркырап тосууңуздарды каалайм!

Жаңырган жыл ар бирибиздин үйүбүзгө бейпилдик жана кубаныч алып келсин!

Жаңы жыл баарыбызга жаңы күч, мыкты ой-тилек жана кызыктуу идея тартууласын!

Жаңы жылыңыздар менен!

 

Борбордук комитеттин төрагасы                                     Асылбек Токтогулов